Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН АКШнын МАМИЛЕСИ КАНДАЙ ӨНҮГҮП ЖАТАТ?


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Абдирисаев 24-август күнү маалымат жыйынын өткөрүп, анда эки мамлекеттин мамилеси жана Америка конгрессинин делегацияларынын Кыргызстанга сапары тууралуу маалымат берди.

Бактыбек Абдирисаевдин айтымында, август айында Кыргызстанда Конгресстин үч делегациясы болуп кетти. Алардын сапарынын максаты байыркы “Жибек жолун” жандантуу жана андагы Кыргызстандын жаңы ролуна байланыштуу болду. Америкалыктардын Кыргызстанга сапарынын көбөйүш себеби тууралуу Бактыбек Абдирисаев мындай деди:

- Көпчүлүк бул жерден геосаясаттын таасирин көрүшөт. Мен ал такыр жок деп айта албайм. Бирок АКШнын Кыргызстанга кызыгуусу президент Акаевдин 1997-жылдагы Вашингтонго сапарынан тарта күчөөдө. Андан сырткары, АКШ делегациясы Кытай аркылуу бизге келүүдө. Бул болсо Кытай менен алардын соода-экономикалык байланышын күчөтүү максатын көздөйт. Ал эле эмес делегация Кытайдан башка өлкөлөрдү да кыдырууда.

Элчинин айтымында, Кыргызстан АКШ менен байланышын күчөтүү үчүн эми штаттар менен түздөн-түз иштөөгө басым жасоодо. Ошондуктан президент Аскар Акаев 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына барган учурда АКШнын эки штатында болот.
Элчинин маалыматы боюнча, 150 кыргыз атуулу элчиликтен каттоодон өтүп, АКШда иштеп жатат. Ал эми Америкага келгенин элчиликке кабарлабаган атуулдардын санын тактоо татаал. Алардын саны да көбөйүүдө.

Кыргызстанда келерки жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого америкалыктардын кызыгуусу тууралуу Абдирисаев мындай пикирди айтты:

- Шайлоо кампаниясы АКШнын көңүлүнүн борборунда турат. Анткени алар демократияны курууда аны негизги элемент катары карашат. Биздин президент делегациялар менен жолугушуу учурунда шайлоо мыйзам чегинде өтүшү үчүн АКШ, Улуттар Уюму жана ЕККУ баш болгон эл аралык уюмдар менен биргеликте иштээрибизди билдирген.

Кыргызстан менен АКШнын мамилесинин азыркы абалы тууралуу Абдирисаев бул пикирди айтты:

- АКШ менен мурункудай эле кызматташууга аракеттенип жатабыз, анын ичинде демократия багытында да. Бирок акыркы кезде соода-экономикалык байланышты күчөтүүгө басым жасап жатабыз. Ошондуктан штаттар менен түздөн-түз байланыштарды күчөтүүгө аракет кылуудабыз.

Ал эми өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев азыркы кыргыз-америка мамилесин мындай баалады:

- Менин оюмча, кыргыз-америка мамилесин экиге бөлүп караш керек. Бир кабаты - шайлоо, бийлик маселелери - эки мамлекеттин ортосунда жаңы коррективаларды киргизип, кыйынчылыктарды жаратууда. Себеби биз байкагандай, өкмөттүк гезиттерде АКШга каршы бир нече макала чыкты. Экинчи кабатын караганда, биздин тең ата мамилебиз жок. Донор-кардар катары мамилебиз бар. Бул жагынан жардамын берип, гранттарды ачып жатат. Ошондуктан бул жагынан өзгөрүүлөр жок.

Элчи Бактыбек Абдирисаев, АКШ Кыргызстандагы күчтөр менен кызматташууда кайсы бирине артыкчылык бербей, тең салмакты сактоого аракеттенсе туура болот эле деген пикирин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG