Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

АКШ ИЗРАИЛДИН ЖАҢЫ ПЛАНЫН КОЛДОЙБУ?


Палестиндер Жакынкы Чыгыш жараянында Кошмо Штаттары жөөт айылдары боюнча турумун өзгөртүп жатат деп шектенип, мындай көрүнүш тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратат деп эскертишүүдө. Израил басып алган жерлерде жаңы үй курууну токтотуу тынчтык планынын өзөгүндөгү шарт болчу. Эмне себептен Израилдин мындай курулушту кайра жандандыруу чечимине Кошмо Штаттары ачык каршы чыккан жок?

Израилдин өкмөтү жакында Батыш жээктеги жөөт айылдарында бир жарым миң жаңы үй куруу планын жарыялаган. Ал эми "Нью-Йорк таймс" гезити апта соңунда АКШ буга чейин курула баштаган жөөт айылдарындагы жаңы курулуштарды колдоп жатат деп жазып чыкты. Ошол эле убакта гезит Вашингтондун жөөт айылдарынын жаңы жерлерде курулушуна каршы экендиги белгиленет.

Бирок АКШнын мамдепартаментинин маалымат катчысы Адам Эрели дүйшөмбүдө АКШ азыр бул айылдарды колдоп жатат деп ойлогон туура болбойт деди, ошол эле убакта азыр жүрүп жаткан курулуш иштери боюнча деталдуу түшүндүрмө берген жок. Болгону азыр тараптар Израилдин жөөт айылдары боюнча мындан аркы ниет-пландары менен таанышып жаткандыгын белгиледи.

Палестиндер келечектүү көз карандысыз палестин мамлекетин негиздөөгө мындай курулуштар тоскоол болот деп эсептешет. Учурда Батыш жээкте 150 чакты жөөт айылында 230 миңдей киши жашайт.

Аналитиктердин айтымында, жөөт айылдары боюнча АКШнын жумшактыгы канчалык чектелүү болсо да, ал Израилге колдоо деп кабыл алынаарын белгилешүүдө.

Мурда Клинтондун администрациясында мамдепартаментте иштеген саясат таануучу профессор Хенри Барки Газа тилкесинен Израил аскерлерин бүт чыгарып кетүүгө көмөктөш болуу максатында Буштун администрациясы Израилдин Батыш жээктеги пландарына астейдил колдоо көрсөтүп жатат деп боолголойт:

- AКШнын администрациясы тымызын соода жүргүзүп жаткан сыяктанат. Тилекке каршы Газа планында жылыш болбой жатат. Палестиндерден же араб дүйнөсүнөн да алгылыктуу сунуш түшкөн жок.

Бирок Израилдин курулуш пландарына каршы эл алдында ачык-айрым позициясын билдирбесе Буштун администрациясы Жакынкы Чыгыш жараянындагы башкы арачы катары өз аброюна чоң залака келтирип алышы ажеп эмес. Ричард Столл - Техастагы Райс университетинин саясат таануу профессору:

- Биз буга каршыбыз деп ачык айпасак аймактагы ар бир киши Вашингтон Израил тарапты көздөй дагы бир арыш жасады деп ойлоп калат.

АКШ жана анын Жакынкы Чыгыш жараянындагы шериктери Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар уюму жана Орусия келерки айда жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG