Чеченстан баш калаасына ишемби күнү жикчилдердин кол салуусу болгон. Аларды сары изине чөп салып издөө ушу убакка уланууда. Дүйшөмбүнүн түнүндө жикчилдер тобу жашынып алган жерлер Пригородное менен Чечен айыл экени билинген. Ошондо соң ал жерлерди федералдык аскерлер замбирек менен аткылаган. Түндүк Кавказдагы согуштук бөлүктүн өкүлү генерал Шабалкин айтканга караганда:
- Азыркы тушта ал жерлерде жок кылынган 12 бандиттин сөөгү табылган. Согуш жүргөн жерден 10 автомат, бир пулемет олжого алынды.
Мына ушундай күнү Чеченстанда маркум Ахмат Кадыровдун туулган күнү белгиленди. Жумуриятта 23-августа туулган балага эне-атасы Ахмат деген ат койсо андай бүлөгө Чеченстан өкүмөтү 170 долларга чукул сүйүнчү берүү уюштурулду. Грозный калаадагы Ленин көчөсү А.Кадыров атындагы көчө болуп кайра аталды. Ал жерде мурдагы чечен лидери Кадыровго арнап өткөрүлгөн митингде, жумурият президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Сергей Абрамов:
-Эң башкысы - элдин эсинде жүрүүсү, эмне дегенде, биздин президенттин абдан ардактап, күткөн тилеги ушул болгон, - деди.
Ал эми Москвада өткөрүлгөн митингде Чеченстан өкүмөтүнүн орун басары Зияд Сабсаби:
- Анын (б.а.Кадыровдун – ММ.) демилгеси менен Чеченстан жумурияты, чечен эли өзүнүн жолун тапкан, - деди.
Москванын Бутово районунуна курулган жаңы үйлөр алды менен өтчү бир көчөгө Ахмат Кадыровдун атынын берилиши ар кыл кабылданды. Маселен, мен эртең менен жолдон жолуккан бутоволук аял буга анча маани бербеди: “Кандай атаса ошондой атасын, бизге анын эмне кереги бар?”
Ошол эле учурда бул күнү б.а. 24-августта “Яблоко” партиясынын уландары көчөгө чыгуу уюштуруп: - Кадыров көчөсүнүн бизге кереги жок, деген кыйкырыктар менен наааразылык акциясын өткөрүштү.
Сырттан көз салуучулар болсо жикчилдер да, федералдык күчтөр да каршылашып аткан тараптын жоготуусун көп деп, өзүнүкүн аз деп көргөзүү жолуна түшүшкөн дешет.
Бул күндөрү согуш жүрүп аткан жумуриятта абалды чагылдырган “Кавказ-Центр” сайты алтынчы түнү Грозныйдын Октябрь районунда болгон кармашты башкача көргөзөт. Ал түнү болгон атышта баш-аягы 55 милиционер жана аскер окко учкан деп жазат. “Грознинский рабочий” гезитинин кабарчысы айтканга караганда ал күнү кечинде калаага 300дөй автоматчан киши кирип, жолдорго тосмо коюп, үч саат бою милиция бөлүмү менен шайлоо участогун аткылап жатышкан.
Мындай жагдайды “Газета” гезити “29-августта өткөрүлгөнү жаткан Чеченстан лидерин шайлоодо жикчилдер кол салуусу кандай боло тургандыгынын машыгуусу өткөн тура”, - деп баалады.