Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

ЭЛДИК-ПАТРИОТТУК КЫЙМЫЛ ТҮЗҮЛДҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 25-августта Бишкекте жаңыдан уюштурулган Элдик-патриоттук кыймылдын уюштуруу конференциясы өткөрүлдү. Кыймылдын уюштуруучулары соңку жылдары Кыргызстанда социалдык, экономикалык, саясий, руханий, нравалык кризис жетээр чегине жеткендигин айтышып, элдин патриоттук сезимин ойготуу жолу менен бийликти алмаштыруу зарылдыгын белгилешти.

Аталган конференция «Кыргызстандын патриоттору бириккиле!» деген ураандын алдында өткөрүлдү. Ага 50дөн ашуун делегат катышты. Адегенде жыйындын уюштуруучулары Турсунбек Акун, Назарбек Нышанов катышуучуларга соңку жылдары Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат беришип, кыймылды уюштурунун башкы максатын түшүндүрүштү.

Назарбек Нышанов өз сөзүндө «соңку он жылдан ашуун мезгилде Кыргызстанда социалдык, экономикалык, саясий, руханий, нравалык кризис күчөп, элдин чыдамы кетти» деген пикирин билдирди. Ага мисал катары ал «өндүрүш талкаланды, жумушсуздук күчөдү, миңдеген кыргыздын улан-кыздары жумуш издеп чет өлкөлөргө кетишти, тышкы карыз эбегейсиз деңгээлде өсүп, бийлик системасын коррупция, паракорлук каптаганын, ал эми Кыргызстандын аткаруу бийлиги ага көнүл бурбай, тескерисинче, жерин сатып, элин атып жатат» деген жүйөсүн келтирди. Ошондой эле Назарбек Нышанов Кыргызстанда саясий кризис Аскар Акаев бийликке келгенден көп өтпөй эле башталгандыгын айтып, «айыкпас ооруга айланган бийликти алмаштыруу үчүн ушундай кыймыл түзүлүп жатат» деген оюн ортого салды:

- Бийлик кризиси бүгүн башталган жок. Ал Акаев бийликке келгенден кийин эле башталды. Барган сайын бийликтин оорусу күчөп, соңку жылдары айыкпас ооруга айланып кетти. Биз бүгүн бул жерге ошол айыкпас ооруга айланган бийликтен кутулуш үчүн чогулуп жатабыз,-деди Назарбек Нышанов.

Ал эми Нурлан Мотуев кыймылды уюштуруунун максаты тууралуу:

-Кыймылды түзүүнүн негизги максаты - соңку мезгилдери кыргыз элинин таптакыр уктап жатышынан улам болду. Бул - элди ойготууга болгон аракетибиздин бири. Маселен, аткаруу бийлиги 130 миң гектар жерди Кытайга бергени аз келгенсип, жакында Ыссыккөлдүн боюнан 800 гектар жерди дагы Кытайга бергени турат. Мындан башка дагы көптөгөн жерлер коңшулаш өлкөлөргө берилип жатат, буга деле эл унчукпайт. Бул биздин элдин сабырдуулугубу же коркоктугубу - белгисиз. Грузияда, Арменияда эл көчөгө чыгышты, ал эми бизде эл толкубай жатат.

Нурлан Мотуевдин жогорудагыдай сөзүнө Турсунбек Акун буларды кошумчалады:

- Нурлан туура айтат. Убагында «КДК» партиясы да ушундайча уюштурулган. Бул бара-бара саясий партияга айланат. Аскар Акаев турганда таза шайлоо болбойт. Ошон үчүн эл көтөрүлүш керек. Элди көтөрүш үчүн алардын патриоттук сезимдерин козгоп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.

Белгилей кетүүчү нерсе жыйынга катышкандардын арасынан айрым атуулдар жаңы түзүлгөн кыймылдын бийликти алмаштыруу тууралуу пикирине каршы оюн айтышты. Маселен, белгилүү драматург Мырзабек Тойбаев:

-Менин оюмча биздин өлкөдө чатак менен бийлик алмаштыруу туура эмес. Ачык айтып, ак сүйлөшүп эле улуттун кызыкчылыгы үчүн саясий топтор бир жакшы чечимге келиш керек. Мындай жол бардыгыбыз үчун жакшы жана туура жол.

Жыйыдын соңунда кыймылдын төрагасы болуп укук коргоочу Турсунбек Акун шайланды. Ошондой эле курамы 9 адамдан турган кыймылдын саясий кеңеши түзүлдү. Ага Назарбек Нышанов, Нурлан Мотуев, Дүйшөн Абдылдаев жана башка атуулдар киришти.

XS
SM
MD
LG