Ошентип, 3 айлык иликтөө аяктап, “атагы” дүйнөгө тараган Абу Грэйб абагындагы чатак үчүн жоопкерчилик Ирактагы америкалык командачыларга жүктөлдү.
Комиссиянын төрагасы, АКШнын мурдагы коргоо министри Жэймс Шлесингер шейшембиде билдиргендей, Багдаддын жанындагы түрмөдө башаламандык өкүм сүрүп келген:
- Сүрөттөргө тартылган зөөкүрдүк уруксат берилген сурак же чалгынчылардын тергөөсү маалында эмес, жумуштан кийинки сааттарда, түнкү нөөмөт учурунда орун алган.
Ошол эле мезгилде иликтөө аныктагандай, АКШнын жогорку расмий жетекчилери Ирактын түрмөлөрүндө кармалган ар кыл туткундарды суракка алуунун так эрежелерин аныктаган эмес.
Пентагондун дагы бир мурдагы жетекчиси, комиссиянын мүчөсү Харолд Браун болсо бул чатак үчүн жоопкерчилик акыры аягында Биргелешкен штаб менен коргоо министринин кеңсесине барып такалат деген пикирде. Анткени алар түрмөлөрдө кармоонун талаптарын керектүү деңгээлде камсыздай алган эмес.
Мурдагы конгрессмен Тилли Фоулер айым болсо Абу Грэйбдеги башкаруучулук структурасын “чаташкан лабиринт” катары сыпаттады:
- Эң ири укук бузуулар орун алып жаткан кезде түрмөнү ким башкарып келгени белгисиз. Бул факт мени катуу таңгалдырды. Ушундай башаламандык, жетекчиликтин жоктугу алардын кол астында иштеп жаткандарга начар үлгү болуп берди.
Катуу сын пикирлерине карабай, комиссия мүчөлөрү коргоо министри Доналд Рамсфелддин кызматынан чегинүүсүн сунуш этишпейт.
Иликтөө тобунун төрагасы Шлесингер Абу Грэйб чатагы жакшы сабак болгонун белгилеп өттү:
- Абу Грэйбдеги мыйзам бузуулардын ачыкка чыгышы жана күнөөлү адамдарды (алдыдагы) жазалоо суракка алуу тартибине чоң таасир этти. Террорго каршы күрөшүп жаткан кезде адекваттуу чалгындоо кызматы жана эффективдүү суракка алуу системасы чоң мааниге ээ.
Ушу тапта Ирак, Ооганстан жана Кубадагы америкалык түрмөлөрдөгү зомбулук үчүн бардыгы болуп 300дөй киши күнөөлөнүп жатат. Иликтөө тобунун отчётунда азыркыга чейин 66 кишинин күнөөсү далилденгени жазылат.
Ошону менен бирге комиссия айыптууларды жазалоо боюнча эч кандай рекомендация жасаган жок.