Нажаф 24үнөн 25ине оогон түндөгү аткылашуулардан кийин салыштырмалуу тынч.
Маалымат булактарынын билдиришинче, абаны тынбай учкан америкалык тикучарлар менен шаардын тар көчөлөрүндө көзгө илинген бутаны мээлей сейрек атылган октун үнү бузат.
Имам Алинин мечити азыр ас-Садрдын Мехди армиясынын колунда. Америкалык аскерлердин айтышынча, алар шиит эрегишчилерин имам Алинин мечити жана саганасы турган жайга сүрүп салуунун аракетинде. Убактылуу Ирак өкмөтүнө ишенимдүү күчтөрдү коштогон америкалык аскерлер козголоңчуларды акырындап кысып, аларды биротоло курчоого алмакчы.
АКШ армиясынын өкүлү, лейтенант Майкл Тхрокмортан шаршемби күнү бешим ченде имам Алинин саганасына жакын жерде кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө буга токтолду:
-Ушу тапта биз операциянын багытын, сөлөкөтүн тактоонун аракетиндебиз. Биз согуш майданына көз чаптырып, эми эмне чара кылуунун амалын мерчемдеп жатабыз.
Ал эми Ирак өкмөтүнө караштуу күчтөр менен урушка киргени турган америкалык танктардын алдыдагы милдети жөнүндө лейтенант Тхрокмортан мындай деди:
-Биз азыр артыкчылыгыбызды дагы бекемдөөнүн амалын ойлоодобуз. Душманды качан болбосун каалаган өңүткө сүрүп салсаңыз, өзүңүзгө жакшы эмеспи.
Америкалык күчтөр менен ирактык аскерлер шейшемби күнкү салгылашуудан кийин Имам Алинин күмбөзүнө 300 метрдей жакындап калышкан.
Бул тушта ирактык шииттердин абройлуу көсөмдөрүнүн бири, Улуу Айотолла Али ас-Систани өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарына Кувейттен убактылуу Ирак өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнүн күзөтүүсү менен келди. 73 жаштагы улама үч жумадан бери Лондон шаарында дарыланып жаткан.
Ас-Систанинин жардамчыларынын сөзүнө караганда, мекендештеринин өтүнүчү боюнча дарылануусун токтотуп, Британиядан кайтып келген Улуу Аятолла согуштун кучагындагы Нажаф шаарына барып, имам Алинин ысымы менен байланышкан ыйык жайларды кыйроодон куткарып калмакчы.
АКШлык жана ирактык ырасмий адамдардын айтышынча, имам Алинин мечитин чеп кылып алган ас-Садрдын желдеттерине каршы чабуул жасалса, чабуулга америкалык жоокерлер катышпайт. Чабуулду ирактык күчтөр өздөрү жасайт.
Шейшемби күнү Ирактын коргоо министри Казим аш- Шалаан Мехди армиясына кайрылып, алар ыйык жайдан чыгып кетишпесе, таш талкан болушаарын эскерткен.