Пакистандын БУУдагы элчиси Мунир Акрам өз сөзүндө ириде БУУнун өкүлүнүн Ооганстанды көздөй куралчандардын кирүүсүн токтотуу үчүн чек ара көзөмөлүн чыңдоо жөнүндөгү чакырыгын сынга алды. Ал Коопсуздук Кеңештин жыйынында белгилегендей, Пакистан Ооганстан менен чек арасына 75 миңдей аскерий жайгаштырганга чейин барып, ашыкча чараларды көрдү:
- Биз колдон келгендин баарын жасап жатабыз деп эсептейбиз. Биз саясий тобокелчиликке, көп аскерий жоготууларга баруудабыз. Пакистанды дагы бир нерселерди жасоого чакыруу – адилетсиз.
Ага катар Мунир Акрам Ооганстандагы президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн эл аралык коомчулукту өлкөнүн ичинде жайгаштырылуучу аскерлерди көбөйтүүгө чакырды. БУУнун Ооганстандагы өкүлү Жан Арнаулт болсо өз билдирүүсүндө Ооганстандагы коопсуздук жагдайын жакшыртуунун бир жолу катары чек аранын Пакистан тарабынан кирип, кол салып жаткан экстремисттердин санын азайтууну атаган эле:
- Эгер биз эл аралык коомчулукка, Пакистан менен Ооганстандын өкмөттөрүнө, эл аралык күчтөргө бул жагдайга, өзгөчө түштүк чек арада жол токтотуу чакырыгы менен кайрылбасак, БУУнун миссиясы катары жоопкерсиздигибизди көргөзмөкпүз.
Жан Арнаулт белгилегендей, Ооганстан шайлоочуларды каттоо жараянын жаңы эле ийгиликтүү аяктады. БУУнун көмөгү менен жүргүзүлгөн бул иш чаранын учурунда катталган 10,5 миллион адамдын 40%ын аялдар түзөт. Бирок БУУнун элчисинин айтымында, өлкөнүн түштүк аймактарында, өзгөчө Забул деген провинцияда экстремисттердин кол салууларынан улам каттого алынгандар аз болду.
Азыр Ооганстанда АКШ баштаган коалициянын 18 миңдей аскери бар. Мындан сырткары Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн катарында кызмат кылган жоокерлердин саны келерки айдын соңуна карата 8 миңден ашары күтүлүүдө. Анткен менен БУУнун элчиси Жон Арнаулт белгилегендей, бул аскерлер шайлоо күнү коопсуздукту бүткүл өлкө боюнча камсыз кылууга жетишсиздик кылат:
- Биз зордук-зомбулуктан чочулоо түштүктө жана башка жерлерде калктын бир бөлүгү шайлоо участкаларына келбей коюушун шарттайт деп кооптонобуз. Мындай кооптонуу ички да, эл аралык да коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү 5000 шайлоо участкасынын баарын коргоого аздык кылары жөнүндөгү фактыга негизделген.
Ал эми Пакистан элчиси Мунир Акрам Ооганстандын чөлкөмдөрүндө коопсуздуктун начардыгынын себептери катары ошол коопсуздукту камсыздоодо жергиликтүү колбашчыларга ишеним артылып, башында каталык кетирилгендигин, түштүктө болсо пуштундардын көпчүлүгү саясий жараяндан сыртта калгандыгын келтирди. Ооганстандын БУУдагы элчиси Раван Фархади өз кезегинде мындай ырастоону четке какты:
- Мен Коопсуздук кеңешин Ооганстанда, анын ичинде түштүк менен чек аймактарында этникалык топтордун эч кимиси четтетилбегенине ишендирем.
Пакистан жана ооган президенттери Хамид Карзай менен Первез Мушараф ушул дүйшөмбүдө Исламабадда кездешкен эле. Мушараф экстремисттер Ооганстандагы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында Пакистандын аймагына колдонуусуна жол бербөөнү убада кылган болчу.