Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

УЛУУ АЯТОЛЛА АС-СИСТАНИ ИМАМ АЛИНИН САГАНАСЫН САКТАП КАЛАБЫ?


Ирактык шииттердин кадыр-барктуу уламасы, Аятолла Али ас-Систани башындагы анын миңдеген жактоочулары Нажаф шаарына келди. Улуу Аятолла АКШлык аскерлердин жетегиндеги күчтөр менен радикалдуу шиит диниятчысы Моктада ас-Садрга ишенимдүү согушчандардын үч жумадан бери Нажаф шаарында жүрүп жаткан согушун токтотуу планын жарыялайт деп күтүлүүдө. Бүгүн эле Куфа шаарындагы жаамы мечитине чогулган элге жана шиит жүрүшчүлөрүнө каршы жасалган эки чабуулдан бери дегенде 74 киши набыт болду.

Британиядагы дарылануусун токтотуп, шаршемби күнү Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарына келген Улуу Аятолла Али ас-Систани бейшемби күнү намаздигер алдында Нажафка кирди. Басрадан Нажафка чейин ас-Систанини кернейин тынбай созгон полициянын машинелери күзөтүп жүрдү. Улуу Аятолла башындагы автокербенди көчө бойлой каз-катар тизилген ирактыктар чоң изат менен узатып жатышты.

АКШлык аскерлер башындагы күчтөр менен ас-Садрдын Мехди армиясынын согушчандары ортосунда Нажафта үч жумадан бери уланып жаткан согушту токтотууну мүдөө кылган Улуу Аятолланы бирөөлөр жөө жалаң, экинчи бирөөлөр унаачан коштоп жүрүшөт.
Алардын бири:

-Жүрүшкө Улуу Аятолла Али ас-Систанинин үндөөсүн угуп чыкканбыз. Бул тынчтык жүрүшү жана ага катышуу шииттер үчүн чоң бакыт.

Немистердин ДПА агенттиги менен Ирактын адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун башчысы Моханад Кинани билдиргенге караганда, ас-Систанинин жардамчысы Ахмад Сафи башындагы 10 миң ашуун адам да Нажафка жакындоодо.

Улуу Аятолла Нажафка келерге удаа Ирактын ички иштер министри 24 саатка ок атуулар токтотулганын жарыя кылды. Нажафтын акими аз-Зорфинин билдиришинче, учурда америкалык аскерлер имам Алинин мечитинен 200 метр алыста жайгашкан.
Ас-Систанинин жардамчыларынын сөзүнө караганда, Аятоланын планы боюнча согушчандардын имам Али мечитин бошотуусу, чет элдик аскерлердин Нажафты калтырып кетүүсү, ошондой эле шаардагы козголоңчу топтордун куралсыздануусу талап.

Ас-Систани Нажафка келе жаткан тушта Куфа шаарындагы жаами мечитинин алдына чогулган ас-Садрдын тарапкерлерин көздөй миномёттон атылган октон ондогон адамдардын өмүрү кыйылды. Алар Нажафка жол алганы чогулуп жатышкан.

Куфа мечитиндеги кандуу окуядан бир нече сааттан кийин Нажафты карай агылып бараткан ас-Садрдын жактоочулары кайрадан чабуулга туш болду.

Ирактын саламаттыкты сактоо министрлиги эки кол салуудан 74 киши өлүп, 380ден ашуун адам жарадар болгонун маалым кылды. Чабуулду ким жасаганы азырынча белгисиз.

Соңку маалыматтарга карганда, Нажаф акыркы күндөрдөгү аткылашуулардан кийин салыштырмалуу тынч. Бирок шаарга топтолуп жаткан ас-Садрддын талапкерлери менен ас-Систанинин жактоочулары арасында чатак чыгып кетиши ыктымал деген кооптонуу күчтүү.

Ошон үчүн Улуу Аятолла ас-Систани өз таламдаштарын шаарга кирбей, анын четинде күтө туруусун сураган.

XS
SM
MD
LG