Кээ бир орус гезиттеринин жазышынча, эки учактын бир убакта кыйраганынын артында чечен террорчулары бар экенинен күмөн санабаш керек, бийлик болсо жөн гана элди тынчтантуу максатында террордун изи байкалбайт деп айтууда. "Известия" гезитинин жазышынча, бийлик өкүлдөрү журналисттерге кайрылып, террор жөнүндө жазбоону өтүнгөн. "Вечерняя Москва" гезити болсо террор тууралуу ачык эле биринчи бетинде жазып, бийлик элден чындыкты жашырып жатат дейт. "Время новостей" гезитинин пикиринде, кырсык жөн гана техникалык себептен болгонуна эч ким ишенбейт, ал эми "Коммерсант" гезитинин айтымында, мынчалык деңгээлдеги кырсыкты чечен террорчулары гана уюштура алат.
Кээ бир чет өлкөлүк басылмалардын пикиринде дагы эки учактын бир мезгилде кыйраганы жөнөкөй кырсык эмес, же болбосо Орусиянын учактарынын баарынын сапаты эбегейсиз начар абалда.
Британиянын "Файненшл таймс" гезитинин жазышынча, 29-августта Чеченстанда өтө турган президенттик шайлоо алдында орус бийлиги коомдук пикирди тынчтандырып, абал Маскөөнүн толук көзөмөл алдында экенин көрсөтүү үчүн террор тууралуу айтпай жатат. Испаниянын "Эл Коррео" гезитинин айтымында, мурда Маскөө кайсы болбосун кырсыкты дароо чечендерге шылтачу, ал эми ошол эле Испаниянын "Эл Паис" гезитинин жазышынча, президент Владимир Путин мындан төрт жыл мурдагы окуядан сабак алган сыяктуу. 2000-жылдын 12-августунда "Курск" аттуу суу алдында жүрүүчү кеме чөгүп кеткенде, Путин Сочидеги отпускунда жатып алган, азыр болсо эс алуусун токтотуп, дароо Маскөөгө учуп келди. Алманиянын "Дойче велле" үналгысынын эксперти Көрстин Виллерстин пикиринде болсо, эгер бул чындап эле чечен террорчуларынын аракети болсо, анда Путиндин Кавказ саясаты толугу менен кыйрандыга учурайт.
Орусиянын башкы прокурору Владимир Устиновдун айтымында, азырынча бир да шекти четке какпаш керек жана тергөөчүлөр бардык мүмкүнчүлүктөрдү тыкан карап жатат:
- Биз азыр бир нече себепти караштырып жатабыз, алардын ичинде террор аракети, техникалык себеп жана учкучтардын катасы да бар. Анын баарын мен азыр айтып отурбайын, бирок бир да себепти биз бүгүн четке кага албайбыз.
Европа Биримдигинин Коопсуздук институтунун эксперти Дов Линчтин пикиринде болсо, кырсык террордук аракеттен болгонуна өтө окшош:
- Эки кырсык бир убакта болгону өтө маанилүү. Андан тышкары, менин оюмча, шайлоо алдында чечендер ушу сыяктуу аракет көргөнгө өтө кызыкдар, мындай окуяларды алар мурда да уюштурган.
АКШнын Авиакаттамдар учурундагы коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Боб Фрэнсистин пикиринде, кош кырсык жөн гана техникалык себептен болгонуна ишенүү кыйын. Дагы бир америкалык эксперт Жим Бөриндин айтымында, эгер кандайдыр бир техникалык кокустук болсо, учкучтар аны байкап, жерге сөзсүз билдирмек. Израилдин "Бен Гурион" аба майданынын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Рафи Рондун айтымында болсо, Орусиядагы кош кырсыктын артында террорчулар турганынан ал күмөн санабайт. Британиянын "Дейли телеграф" гезитинин жазышынча дагы, эки учак бир өлкөдө бир мезгилде техникалык гана себептен кыйрап кулап түшүшү дээрлик мүмкүн эмес.