Бүгүн Нажафтагы шийилердин лидери Моктада ас-Садр өзүнүн жоокерлерине куралдарын тапшырууга жана имам Алинин мечитинен чыгууга буйрук берди. Бейшембиде аятолла али Систани Моктада ас-Садрды Нажафтагы кан төгүүнү токтотуунун зарылдыгына ынандыра алды. Ирактын коргоо министри Касим Дауд Моктада ас-Садр менен болгон макулдашуу тууралуу төмөнкүдөй маалымдады:
- Биз улуу аятолла Али ас-Систани тарабынан сунушталган тынчтык планын кабыл алдык. Биз динге ишенген адамдарга шийилердин Нажафтагы ыйык жерлеринде болууга уруксат берип, аларга жол ачууга макул болдук.
Ирак өкмөтү тарабынан жактырылган макулдашууда Нажаф шаарынан чет өлкөлөрдүн аскерлеринин чыгарылышы жана шаардагы көзөмөлдү ирак полициясына өткөрүп берүү каралган.
Жума күнү миңдеген шийилер Нажафтагы имам Алинин мечитине келип, сыйынышты. Алар имам Алиге: “Тынчтык сиздин колуңузда! Сиз биздин көсөмүбүзсүз!”, - деп сыйынып жатышты. Айрымдары болсо ыйык шаар алар үчүн ачылгандыгына ишене албай, ыйык жайлардын эшиктерин өөп жатты.
Нажафка келген ирактыктар бул ыйык шаардагы кан төгүлүүнүн токтогондугуна кубанычтарын билдиришип, майрамдык маанайда болушту. Алар Нажафта тынчтыкты орнотууда өзүнүн чоң ролун көрсөтүштү: Моктада ас-Садрдын жоокерлери алардын арасына кошулуп, мечиттен чогуу чыгып кетишүүдө. Кечээ ас-Систанинин жардамчысы Хамид ал-Кафаф ыйык мечиттин ачылышы макулдашуунун ажырагыс бөлүгү экендигин баса белгилеген болчу:
- Ас-Систанинин кеңсеси Ирак өкмөтүнөн жергиликтүү тургундарга имам Алинин ыйык мечитине кирүүгө уруксат берүүнү өтүнөт. Алар мечиттен жергиликтүү убакыт боюнча саат 10го чейин кайра чыгып кетишет. Атуулдарга ыйык мечитке кирүүгө уруксат берүү шарты – ас-Систани менен ас-Садрдын ортосунда жетишилген макулдашуунун ажырагыс бөлүгү. Сиздер жакынкы сааттарда бул демилгенин Ирак үчүн, Нажаф шаары үчүн оң жыйынтыктарын көрөсүздөр , - деген Хамид ал-Кафаф.
Ас-Систани менен ас-Садрдын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, бардык куралдуу күчтөр Нажафтан жана ага жайгашкан Куфа калаасынан чыгарылууга тийиш. Коопсуздукка көзөмөл салуу Ирак полициясына өткөрүлөт. Макулдашууда ошондой эле, өкмөттүн Нажафтагы кагылуушулардан жапа тарткандарга чыгымдарын төлөп бериши каралган.
Бейшембиде эле ирактык шийилердин Куфа калаасынан Нажафка бараткан жөө кербенине белгисиз адамдар чабуул коюп, 25 кишини өлтүрүшкөн. Ирактын саламаттыкты сактоо министрлиги соңку кагылышууларда 74 киши набыт болуп, 376 адам жараат алганын билдирди.
Жума күнү Ирактын коргоо министри Каси Дауд тынчтык Ирактын башка аймактарына да тарайт деген ишенимин билдирүү менен бирге, Моктада ас-Садр жоопко тартылбай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, ас-Садрдын жетекчилигиндеги кыймыл саясий уюм катары каралат:
- Махди армиясы, өз куралдарын тапшырып жаткан соң саясий кыймыл же саясий топ катары каралат. Ирак коомунда ар бир саясий топ өлкөдөгү саясий жараяндарга катышууга укуктуу , - деди Ирактын коргоо министри.
Соңку маалыматтарга караганда, Махди армиясынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү жума күнү эртең менен куралдарын жыйып, жыгач арабаларга ташташты. Бирок алар өздүрүнүн жеңиши жөнүндө айтышууда. Махди армиясынын атын атабаган жоокери мындай деди:
- Биз жеңдик! Бул ачыктан ачык көрүнүп турат жана Нажафка келген адамдар муну өз көздөрү менен көрүп жатышат! Биз башчыбыз Моктад ас-Садрдын айткандарын аткарабыз. Биз Ирак үчүн жакшылыкты гана каалайбыз! ,- деди Махди армиясынын жоокери.