Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Нарындын чегарачыларына жардам берилди


НАРЫН. Бүгүн Өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Бекболот Талгарбековдун, облус губернатору Аскар Салымбековдун катышуусунда Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы 2025 чегара аскер бөлүгүнө материалдык жардамдар берилди. Анда жергиликтүү мамлекеттик бийликтин аталган чек ара аскер бөлүгүнө материалдык колдоо көрсөтүү вазийпасы жарыяланды. Атап айтканда чек арачыларга Жумгал району 15 миң, Акталаа району 12 миң, Нарын, Атбашы, Кочкор райондору 10 миңдей сомдон накталай беришсе, Нарын шаары 12 миң сомдук азык-түлүк жана буюм түрүндө жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG