Кыргызстанда ар кандай багыттагы саясий күчтөр, партиялар арбын. Айрым талдоочулардын пикиринде, бул күчтөр парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында эки-үч ири топко биригиши ыктымал. Ал эми оппозициялык күчтөрдүн кээ бир өкүлдөрү болсо, келерки жылдагы шайлоодо күрөш бийликчил “Алга, Кыргызстан” менен оппозиция ортосунда гана жүрөт деген пикирде. Ал эми азыркы учурда, тактап айтканда, август айынын үчүнчү бөлүгүндө көңүл бурарлык бир нече окуя болду. Биринчиден, улуттук көрөңгөнү сактооого умтулган күчтөр жумуруяттык кеңешме өткөрүштү. Алар саясатка аралашпоого аракеттенген менен, мамлекет, улуттук тил маселелерин козгоо менен саясаттын чордонуна түшүп баратат. Бирок, бул күчтөрдү бийлик, же оппозициянын өз тарабына тартып кетүүсү татаал иш. Анткени, “Улут ордо” тилектештиги деп аталган бул бирикменин лидерлери 13 жылдык улуттук саясаттын казанында кайнап келаткан инсандар. Ошондуктан алар келчектеги шайлоолордо өз алдынча күч катары чыгышы толук ыктымал. Муну тилектештиктин лидерлеринин бири, “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев ырастады:
- Парламенттик шайлоодо биз өзүбүзчө күч болобуз, өзүбүздүн талапкерлердин тизмесин түзөбүз. Анткени улуттук идеяны, улуттук рухий дөөлөттү, улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөнү-ким көтөрсө, биздин идеябызды ким колдосо-биз өзүбүзгө кошуп алабыз. Өзүбүз бирөөгө кошулбайбыз.
Булардан сырткары укук коргоочу Турсунбек Акун түзгөн топ, оппозициядан да, бийликтен да иренжигенин билдирип, өзүнчө күч катары чыгаарын жарыялады:
- Быйылкы жылы болгон окуяларга токтолсок, мына Ашыркулов башында турган “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикме түзүлдү. Ал президент менен сүйлөшүлүп, оппозицияны ыдыратуу үчүн куралды. Алар адилет шайлоо өткөрүү үчүн деп атышат, Акаев турганда, анын системасы турганда эч качан адилет, чынчыл шайлоо болбойт. Анан биз ишенип жүргөн Азимбек Бекназаровдор Бакиевди колдойбуз деп өзүнчө кетишти. Ошентип оппозиция элдин ишенимин жоготуп алды. Мен ушуларды байкап туруп, 28-майда альтернатива катары патриоттук кыймылды түзүү чечкенбиз.
Кыймыл уюштуруу жыйынында президенттикке Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөттү.
Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, жаңыдан түзүлгөн патриоттук кыймылдын олуттуу саясий күчкө ээ болушу күмөн. Бирок алар дароо эле байкалгандай кайсы бир саясий күчтү жаманатты кылууга жарайт.
Ал эми буга чейин өлкөнүн саясий майданында кармашып келген негизги күчтөр да күзгү өнөктүккө даярданууда. Маселен, бийликчил “Алга, Кыргызстан” партиясы жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп, 11-сентябрга белгиленген курултайга кам көрүүдө. Анда, албетте, Жогорку Кеңешке “Алга, Кыргызстан” атынан барчу талапкерлер тандалат, же тандалгандардын аты аталат.
Ушундай эле курултайга даярдыкты оппозициялык “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу да жүргүзүүдө. Алар 25-сентябрда чоң жыйын өткөрүүнү болжоп жатат. Анда оппозиция атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер тизмеси такталмакчы.
Ал эми “Адилет шайлоо үчүн” бирикмеси болсо жайкы эс алуудан бери боло элек. Өлкө саясатына таасири күчтүү саясатчылар кирген бул уюм, шайлоодо өзүнчө күч катары чыкпасын жарыялоо менен өз ишмердүүлүгүн чектеп, ошонун айынан активдүү аракетке жөндөмсүз болуп тургандай.