9-майда Грозныйдагы стадиондо бомба жардыруусунан каза тапкан Ахмад Кадыров да убагында Москванын кеңири колдоосу астында президент болуп шайланган. Кремль ошол саясатын улантып, бул ирет Чеченстандын ички иштер министри Алу Алхановду сүрөп турган кез. Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко Кремлдин талапкери жекшембидеги шайлоодон кам санабай эле койсо болот деген пикирде.
- Августтун башында эле Москвадагы булактар билдиргендей, Алханов добуштардын 55-70%ын чогултат. Анын башкы атаандашы, дагы бир орусиячыл саясатчы Абдул Бугаев ашып кетсе, 20%га чейин топтошу мүмкүн.
Москвалык эксперт Малашенко ал шилтеме жасаган булактар, Чеченстандагы шайлоо компаниясына баштан-аяк катышып, тактикасын аныктаган саясий рекламага адистешкен уюмдар экенин кошумчалай кетти.
Өткөн дем алыш күндөрү Грозныйга Орусиянын президенти В.Путин чукул визит менен барып, Алхановду далыга таптап, аны колдой турганын ачык билдирип кетти. Москвалык маалымат каражаттары Чеченстандагы шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Алхановду "байдын кызын мактагандай" эле көкөлөтүп келатышат.
Ага олуттуу атаандаштыгын көрсөтө алган көзгө басар талапкер, Москвада жашап-иштеген чечен бизнесмени Малик Сайдуллаев өткөн айда шайлоодон чыгарылып салды. Байкоочулардын баамында, калгандары калк арасында кеңири таанымал адамдар болбогондуктан, Чеченстандын болочок президентинин ысымы 1-айлампада эле анык болчудай.
Жекшембидеги шайлоо коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шарттарда, 11 миңдей аскердин көзөмөлү астында өтөт.
Шайлоонун жыйынтыктары дээрлик белгилүү болуп калгандыктан, аналитиктер эми Алхановдон эмнени күтүүгө болот деген суроону талдоого киришишти. Чеченстандын ички иштер министри күн сайын ар башка жерлерде атышуу, кагылышуулар уланып жаткан козголоңчул республикада кылмыштуулукту ооздуктап, экономикалык көз карандысыздыкты орнотууну убада кылууда. Чечен согушу жөнүндө көп жазган "Азаттыктын" кабарчысы Андрей Бабицкий Алханов – маркум Ахмад Кадыровдун уулу Рамзан президенттик куракка жеткенге чейин кызмат өтөөчү убактылуу фигура деп эсептейт. Кремлдин бекем ишеничине арзыган, атасынын өлүмү үчүн чечен согушкерлеринен өч алууга ант берген Рамзан азыр 27 жашта. Чеченстандын Конституциясы боюнча, президенттикке 30 жаштан өйдө курактагы адамдар талапкер боло алат.
Чечен сепаратисттеринин лидери Аслан Масхадов "Азаттыкка" берген интервьюсунда жекшембидеги президенттик шайлоону кезектеги келекелүү оюн деп атады.
- Андай оюн буга чейин да болуп келген, эми да кайталанып отурат. Москва дагы бир улут чыккынчысын бийликке алып келүүгө камданып калды.
Президенттикке башкы талапкер аталып жаткан Алу Алханов ушул айдын башында козголоңчулар менен сүйлөшүү өткөрүү ниетин билдирип, эгерде Аслан Масхадов буга чейин кетирген каталарын моюнга алса, аны менен кездешүүгө даяр экенин жарыялаган. Масхадов ал сунушту четке какты.
Чеченстанда ал тапта кагылышуулар уланып, өткөн аптада козголоңчулар Грозныйдагы милиция бөлүмүнө жана бир нече шайлоо участкаларына чабуул жасашты. Кабарларга караганда, алардан кеминде беш киши набыт болду.