Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

МАРГАРЕТ ТЕТЧЭРДИН УУЛУ МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШКӨ КАТЫШТЫ ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ


Британиянын мурдакы премьер-министри Маргарет Тэтчердин уулу Марк Тэтчер Экваториалдык Гвинеянын президентине каршы төңкөрүшкө катыштыгы бар деп шектелүүдө. Өткөн шаршемби күнү Түштүк Африкада камакка алынган Марк Тэтчер 2 миллион рэнд же 248 миң еврого барабар күрөө акча төлөп, азыр Кейп Таундагы вилла-үйүндө. Кутумдун максаты Африканын мунайга бай өлкөсүндөгү бийликти жеңил башкарылчу адамга алып берүү болгон деген божомолдор айтылууда.

Экваториалдык Гвинея мунай кору боюнча Африкада үчүнчү орунда турат. Март айында Зимбабвенин борбору Харареден Экваториалдык Гвинеянын байтакта Малабого жөнөгөнү жаткан учактын 64 жүргүнчүсү кармалган. Анын артынан Гвинеяда да бир нече адам камакка алынган. Ушу тушта Хараре менен Малабодо өкмөттүк төңкөрүш уюштурмак болушту деп шектелген 80дей адамдын үстүнөн сот жүрүүдө.

Британиянын мурдакы өкмөт башчысы, кезинде “темир айым” атыккан Маргарет Тетчэрдин жалгыз уулу Марк Тетчэр шаршемби күнү дал ушул кутумга катыштыгы бар деп шектелип, Түштүк Африканын байтакты Кейп Таундагы үйүндө камакка алынды.

Түштүк Африка пресс ассосиэйшен агенттигинин улук баяндамачысы Леон Энгелбрехтин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришинче, кутумчулар Экваториалдык Гвинеянын президенти Мбасогону бийликтен кетирүүнү көздөшкөн:

-Максат бир коррупциячыл-жемсөө лидерди жеңил тилге кирчү экинчи бирөө менен алмаштыруу болгон.

Мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак болду деген шек менен кармалгандардын көпчүлүгү Түштүк Африкадагы аппартеиддик бийлик кезинде өлкөнүн атайын күчтөрү - SASта кызмат кылышкан адамдар. Алардын ичинде SASтын мурдакы офицери, сэр Марктын досу Симон Манн да бар. Энгельбрехтин билдиришинче, Түштүк Африканын коопсуздук кызматы топту каржылаган адамдардын ичинде 51 жаштагы Марк Тетчэр да болгон деген ишенимде:

- Маалыматтарга караганда, кутумдун артында Тетчэр жана теги ливандык, Нигерияда төрөлгөн Эли Калил деген, Лондондо жашоочу мунай магнаты жана башкалар турат. Британ гезиттери жана Гвинеянын президенти да ушул адамдарды күнөөлөгөн.

Түштүк Африканын акчасы менен алганда 2 миллион рэнд же 250 000 еврого жакын күрөө төлөп абактан чыккан сэр Марк ноябрдагы сотко чейин Кейп Таундан эч жакка чыга албайт. “Темир айымдын” уулу Түштүк Африканын желдет жалдоого тыйуу салган мыйзамын бузду деп айыпталууда.
Түштүк Африканын улуттук тергөө кызматынын өкүлү Сифо Нгуэманын билдиришинче:

-Биз чет жактарга аскерий жардамдашуу актын бузуу фактын изилдөөдөбүз. Биз мырза Тетчэрди Экваториалдык Гвинеядагы ишке ашпаган төңкөрүштү каржылап, мыйзамды бузду деп күнөөлөп жатабыз. Биз бул тууралуу маалымгөйлөрдөн жана күбөлөрдөн маалымат алганбыз. Алар тергөөгө жардамдашууда.

Баронэсса Тетчэрдин уулу Марк чуулгандуу окуяларга жакын адам. 1984-жылы апасынын кызматынан пайдаланып, Оман өкмөтү менен көп миллион долларлык келишим түздү деген кабардан кийин Марк Тетчэр Техаска көчүп кетип калган. Ал эки жыл мурда АКШнын мыйзамдарын бузганы үчүн жоопко тартыла турган болууда деген күбүр-шыбырдан соң Түштүк Африкага көчүп келген.

Жума күнү Маргарэт Тетчердин үй-бүлөсүнүн досу, лорд Тим Белл аяш уулу Марк Тетчэрдин атынан маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасады:


-Марк өтүнгөндөн, мен анын атынан ал күнөөсүз экенин жана анын Экваториалдык Гвинеянын президентине каршы төңкөрүшкө катыштыгы жок экенин билдирем. Маргарет Тетчэр эмне болуп жатканын түшүнөт жана баарынан кабардар. Ал, албетте, сот жараяны акыр аягында анын уулу мыйзамый негизде күнөөсүз деп жарыяларына толук ишенет.

Курал менен соода кылды деп айыпталып жаткан Марктын таанышы, Британиянын атайын күчтөрүнүн мурдакы офицери Симон Маннды Зимбабвенин соту 10 жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн. Соттун өкүмү 10-сентябрда чыгат.

XS
SM
MD
LG