Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

ЧЕЧЕНСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Москва 29-августта таңзаардан тартып Чеченстанда президентти шайлоо башталды. Жогорку орунду 7 талапкер талашты. Бул 9-майда Грозныйда мурунку президент Ахмад Кадыров жардыруудан өлгөндөн кийин кезексиз өткөрүлүп аткан шайлоо. Орусия ички иштер министрлигинен алынган маалыматта шайлоонун өтүшүнө байкоо салуу үчүн КМШдан 10 киши, Исламдык конференция уюмунан жана Араб өлкөлөр лигасынан кишилер келген. Европалык кошуун менен ЕККУ расмий өкүлдөрүн жиберишкен эмес. Бардык шайлоо участкаларын милиция кайтарууга алды. ИТАР-ТАСС агенттиги таркаткан маалыматка караганда, жумуриятта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч органдарынын 17 миң кызматкери тартылган.

Чеченстандын шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул-Керим Арсахановдун маалыматына караганда, шайлоочулардын 43 проценттен көбү добуш беришти жана бул - президенттик шайлоо өттү деп айтууга толук негиз берет.

Чеченстанда бир жылга жетпеген убак ичинде ушуну менен экинчи жолу президентти шайлоо өткөрүлдү. Ахмад Кадыровду 2003-жылы 8-октябрда президент кылып шайлашкан. Ал мындан үч жарым айча мурда Грозныйдагы жардыруудан өлгөн. Кадыровду колдоп 80 проценттен ашуун добуш берилген десе да, сырттан көз салуучулар анын лидер болуп шайланышын мыйзамсыз деп кабыл алышкан.

29-августагы шайлоону да сырттан көз салуучулар "бул шайлоо эмес эле Алхановду дайындоо" деп аташууда.

Эми шайлоонун жүрүшүнө келсек, жумуриятта добуш берүүгө жарачу 584 миң 998 киши тизмеге алынган. Алар кечки саат 8ге дейре добуш бериши керек.

Орусиялык маалымат каражаттары коопсуздук чаралары катуу көрүлгөнгө байланыштуу жумуриятта 29-август түнү тынч өттү деп кабарлашты. Ал эми бейрасмий булактардан келген кабарга караганда, Чеченстан баш калаасынын Старопромысель жана Новостройск райондорунда ишембинин түнү да ок атышуу болгон. Натыйжада, ал жерлерде шайлоо участокторун кайтарып турушкан жумурият күч органдарынын онго чукул кызматкери окко учкан.

Эртең менен Маскөөдө саат 11 болгондо Чеченстан шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул-Керим Арсаханов журналисттер алдына чыгып, алардын суроолоруна жооп берди. Шайлоонун жүрүшү боюнча:

- Тартип бузуу эч жерде болгон эмес. Бардык участоктордо эл аралык көз салуучулар катышып атышат, - деди.

Саат 10дор ченде Грозный калаасынын Заводской районунда 20 жаштардагы улан № 369 шайлоо участогун жардарганы келатып, милицияга шек алдырып коюп, кайра качкан. Артынан «Токто!» деген буйрук аралаш ок атылган. Бирок токтобогондо экинчи ок атылган жана ал тийип жыгылганда, колунда желим баштыкта жарылгыч заты «дүң!» дей түшүп, айлана-чөйрөнү бүтүндөй бүлдүрүп салган.

Ошол окуя туурасында №369 шайлоо участогунун жетекчиси Амаязит Дукузов мындай дейт:

- Чукул жерде өзүн өзү жардыруу болду. Бирок ал добуш берүүчүлөрдүн шүйүн алган жок. Эл келип атат. Добуш берүү уланууда.

Акырында айтарыбыз, кийинки жылдары шайланган Чеченстандын төрт президентинин үчөө - Дудаев, Яндарбиев, Кадыров киши колдуу болуп өлүшкөн. Төртүнчүсү – Масхадовду орусиянын атайын кызматындагылар сары изине чөп салып издеп, кармай албай жүрүшөт. Өз кезегинде Масхадовдун кишилери "Чеченстанда ким президент болуп шайланбасын биз анын көзүн тазалайбыз" деп убада беришти.

XS
SM
MD
LG