Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

РУМЫНИЯНЫН НАДЬ-СЕНТ-МИКЛОШ КЫШТАГЫНДА ТАБЫЛГАН РУНИКАЛЫК ЖАЗУУ


Орто кылымдагы түрк тилдүү калктардын кат таанып сабаты ачылгандыгы руникалык жазуу эстеликтердин географиялык таралыш аймагы менен анда камтылган маалыматтардан билсек болот. Румыниянын Надь-Сент-Миклош аймагында табылган руникалык жазуу үлгүлөрү анын күбөсү боло алат.

Орто кылымдагы түрк тилдүү калктардын кат таанып сабатынын ачылгандыгын руникалык жазуу эстеликтердин таралыш ареалы менен аларда камтылган маалымат жана мазмунунан улам билсек болот. Илим адамдары тарабынан руникалык жазуу эстеликтердин колдонулган мезгили V-Х кылымдар деп белгиленип, ал жазуу кыргыз, түрк, уйгур өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Аталган калктар курган мамлекеттердин аймагында жана алардын кандайдыр бир себептен бир жерден башка аймакка жайгашуусунун натыйжасында, руникалык жазуу үлгүлөрү Евразиянын кеңири мейкиндигине тараган.

Бүгүнкү күндө руникалык жазуу үлгүлөрүнүн таралыш аймагы Азия материгинин түндүк-чыгышында Якутия, чыгышында - Байкал көлүнүн жээги, Монголия, Түштүк Сибирден тарта батыш чеги Венгрияга чейинки кеңири мейкиндикти кучагына камтыйт. Руникалык жазуу эстеликтердин мына ушундай уникалдуу үлгүсү Румыниянын Надь-Сент-Миклош кыштагында табылган. Руникалык жазуулар алтын идиштерге жазылып, аларды адамдар кокусунан таап алышкан. Жер казып аткан кишилер 1,5 м. тереңдиктен темир сандыкка салынган 23 алтын идиштерди жогору алып чыгышып, алардын айрымдарында руникалык жазуулардын бар экендигин көрүшкөн.

Уникалдуу табылга тегерегинде илим адамдары тарабынан түркүн түйүндүү ойлор айтылып, бир жактуу чечим чыгарыла элек. Айрым окумуштуулар табылганы айтылуу гун өкүмдары Атилланын идиштери дешсе, болгариялык илимпоздор алтын идиштер булган ханы Аспарухтун мүрзөсүнөн уурдалган мүлк деп айтып жүрүшөт. Венгр окумуштуулары руникалык жазуу үлгүлөрү аварларга таандык деп эсептешсе, ал эми руникалык жазуунун ачкычын тапкан Вильгельм Томсен болсо аны печенегдер жазган деп белгилеген.

Азырынча Надь-Сент-Миклоштогу руникалык жазууну жараткан калктын дареги такталбаганына карабастан, аларда камтылган маалымат көрөнгөсү жана түрк тилдүү калктардын Евразия мейкиндигине таралыш аймагын тактоо жагынан илим үчүн мааниси зор.
XS
SM
MD
LG