Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫ ЖЕТИШИЛГЕН ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА ӨКСҮКТӨР


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондугуна быйыл 13 жыл болду. 13 жыл аралыгында өлкө өз алдынчалыгын чыңдап, бир топ ийгиликтерге жеткенин майрам алдында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн маалымат каражаттары байма-бай айтып, жазып келет. Ал эми айрым саясатчылар 13 жыл аралыгында өлкө өз алдынчалыгынан оолактап, туңгуюкка капталганын бышыкташат.

Эгемендүүлүк майрамды белгилөө үчүн кыргыз бийлиги бир топ аракеттерди жасап жатканы байкалууда. Бишкек шаарындагы Борбордук Ала-Тоо аянтында көрнөктөр илинип, күн сайын майрамдык маршка даярдыктар көрүлүүдө. Бирок «алар кимдер үчүн жасалууда?”- деген суроого эксперттер ар башка жооп беришет. Байкоочулардын пикирине караганда майрамдык шаан-шөөкөт өтүп бүтмөйүнчө, бийлик өкүлдөрү Борбордук Алатоо аянтынан Ак үйдү көздөй жөнөп кетмейинче, ал жер карапайым калк үчүн жабык болоорун эске салышат.

Бирок кантсе да эгемендүүлүктүн 13 жылы Кыргызстан үчүн өзгөчө эсте калаарлык жыл болгонун эч ким танбайт. Эгемендүүлүк идеясын 13 жыл мурда көтөрүп чыккан саясатчылардын бири, «легендарлуу» парламенттин мүчөсү Бегиш Ааматов өлкө өз алдынчалыкка ээ болгондон бери кандай ийгиликтерге жетишип, кандай өксүктөргө туш болгонун мындайча таразалайт:

-Эми эң башкысы кыргыз улуту өзүбүзчө мамлекет деген түшүнүккө ээ болду. Экинчиден, мамлекетти күтүнүү деген моюнга оор жүк түштү. Мен айтаар элем, биз эгемендикти жарыялаганда бир тыйын карызы жок, эч кимге көз каранды эмес мамлекет жарыяланган. А бүгүн Кыргызстан ар кандай башка мамлекеттерге, эл аралык каржы уюмдарына чоң карызга баткан, жерин бир чекеден алдырган, завод-фабрикаларын коңшу өлкөлөргө тарттырып жиберген, азыр Ысыккөлдүн тегереги, эртең Нарындагы ГЭСтердин бардыгы бөлөктөргө кетсе анда эгемендиктен эмне калат деген бир чоң жоопкерчилиги күтүлүп атат.

Ал эми эгемендүүлүктүн басып өткөн 13 жылында өлкө таанылгыс болуп өзгөрүп, элдин атуулдук сезими өйдөлөгөнүн Жалалабад областынын губернатору Жусупбек Шарипов белгилейт:

-Биз өз тагдырыбызды өзүбүз чечип атабыз. Экономикабыз билесиңер башында оор акыбалда калып элибизде кандай кыйынчылыктар болгонун бүгүнкү күн менен салыштырсак экөө асман менен жердей болуп калат. Экономикабыз өз нугун алып, багытты таап кетип атабыз. Жылдан-жылга өнүп-өсүш көз алдыбыздан эле көрүнүп келе жатат. Бүгүнкү күндө эл журтубуз да бардыгын, жүргүзүлүп аткан саясатты, эгемендүүлүк эмне экенин, жалпы реформа кандай жолдо бара жатканын түшүнүп, өз тагдырыбызды өзүбүз колго алып, атуулдук сезимдер дагы мен ойлойм бүгүнкү күндө жогору көтөрүлдү деп. Бул эң негизги нерсе. Себеби эл өзүнө ишенип, өзү алып барбаса эгемендүүлүктү сактап калыш кыйын деп ойлойм.

Ушул эле маселе боюнча «Арнамыс» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова башкача пикирде. Ал эгемендүүлүктүн 13 жылы эл үчүн эч нерсе деле бербегенин баса белгилеп, адам укугу бул жылдары корголбой келгенин кошумчалайт:

-Мындай карап көргөнгө эч нерсе деле берген жок. 13 жыл кур ураан менен эле эгемен болдук деп ээн сүйлөгөнгө, оюбузга келген ар кандай нерсени жасаганга барып, эң негизгиси укугубузду коргоону унуттук.

Ал эми айрым байкоочулар карапайым калк эгемендүүлүк майрамын майрамдоого чолоосу жоктугун, эптеп үйүндө отурган бала-чакасынын жыртыгын бүтөп, китеп-калемин таап мектепке кантип жиберем деп, санаасы санга бөлөнүп жатканын эскертишет. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын көчөлөрү, айрыкча Борбордук аянты майрамдык маанай жаратуу үчүн жасалгаланып, элдин көңүлүн кандайдыр бир деңгээлде өзүнө бурдуртат.

XS
SM
MD
LG