Түрдүү өңдөгү желектерди көтөрүп, Жорж Бушту президенттиктен кетүүгө чакырган жекшемби күнкү демонстрацияны Тынчтык жана адилеттик үчүн бириккен коалиция уюштурду. Жүрүш Республикалык партиянын дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто ачылчу улуттук курултайына утурлап өткөрүлдү. Бу курултайда Жорж Буш экинчи мөөнөткө президенттикке талапкер деп ырасмий түрдө жарыяланат жана өз программасын шардана кылат.
Саясый жүрүшкө түрдүү көз караштагы адамдар чыкканын анын катышуучуларынын сөзү күбөлөп турат. Абби Тиснер айымдын айтышынча:
- Биз импералисттер электрофикацияга жол бербеген өлкөлөрдөгү жумушчулардын укугун коргоо үчүн келдик. Кошмо Штаттары электрфикацияны кеңейтүүгө зарыл ресурстарды алууга чоң бөгөт болууда. 2 миллиард адам азыр электр жарыгысыз жашоодо.
Чачын кызыл ыраңга боёп алган 24 жаштагы Марк Типтон - музыкант. Ал жаратылышты коргоочулардын Нью-Йорк бөлүмүнүн 40 чакты мүчөсү менен чогуу президент Буштун саясатына жана капитализмдин жамандыктарына каршы экендиктерин билдирүү үчүн жүрүшкө чыгышкан. Марк Типтондун сөзү:
-Биз революция азыр болот деп ойлобойбуз. Жорж Буш сындуу балакеттүү адамдардын тамырын кыркуу бул акырын жүрчү жараян. Биздин жакшы келечегибиз үчүн секин-секин иштешибиз абзел.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Никола Крастевдин билдиришинче, төрт жолдун тоомунда, күндүн аптабына көңүл бурбай, колунда “Буш 11-сентябрь окуясында жабыркаган адамдарды саясый оюнга пайдаланбаш керек” деген маанидеги плакатты кармаган кыз турду.
Абадан көлкүлдөгөн элдин жүрүшү тынч өтүүсүн тик учарлар, жерде атчан жана түрдүү техника минген полицайлар камсыздашты.
Питер Битл жана анын аялы Рахел демонстрацияга эки уулу менен келишкен.
-Биз бул жерге Буш биздин атыбыздан тышкы саясатын жүргүзбөсүн, 9-сентябрдын курмандыктарынын атын булгабасын жана биз билген Американын жолун бузбай кармоосун ага айтканы чогулганбыз.
Питердин зайыбы Рахел айым болсо:
-Биз балдарыбыздын тынчтыкта жашоосун каалайбыз. Балдарыбызды өлкө үчүн сүйлөөгө азыртан тарбиялоо маанилүү деп билебиз. Биз аларга Кошмо Штаттарын жана дүйнөнү көрсөтүү үчүн буерге ээрчитип келдик. Биз алардын келечегин ойлоодобуз жана өлкө кандай башкарылып жатканы бизге жакпайт. Биз демократияны жактайбыз. Кошмо Штаттарда бизге жакпаган иштерди өзгөртүү үчүн жүрүшкө чыктык.
Рахел Битл Квин шаарында адвокат болуп иштейт.
Нью-Йорктогу мектептердин биринде окуу бөлүмүмнүн башчысы болуп иштеген, бирок атын атагысы келбеген велосипедчен аялдын кеби боюнча:
-Бул жүрүш бир маанайды билдирет. Нью-Йоркто жашаган адамдар үчүн бул жыйындын таасири эбейгесиз чоң болот. Бирок тикучурлар, дирижаблдар жана полициянынын топ-топ болуп жүргөнү кооптондурат.
Бийликтер демонстрация учурунда 200дөй адам кармалганын, алардын ичинен тогуз киши полицияга кол көтөргөнү үчүн камакка алынганын билдирди.
Шейшемби күнү Бушка каршы демонстрациялар башталгандан бери бардыгы болуп 500дөй киши камакка алынды. Жанагы мугалим аялдын сөзүнчө:
-Демейде, дем алыш күндөрү элдин көбү шаарды калтырып кетишет. Ошон үчүн көчөлөр бош. Бул аптада көп адамдар дем алышка кетишкенин билем. Алар бу ара-чолодо болууну каалашпайт. Терроризм коркунучу да элди сактандырууда. Полициянын көп жүргөнү мени кубандырат. Ошентсе да аларды көрүп тынчың кетет.
Кээ бир адамдардын пикиринче, республикачылар партиясы өз курултайын Нью-Йоркто эмес, башка шаарда өткөрсө туура болмок. Нью-Йорктун мэри Майкл Блюмберг республикачыл болгону менен, шаарда либералдар менен демократтардын таасири күчтүү эсептелет.
Нью-Йоркко коңшулаш Нью-Жерси штаттынын жашоочусу, 46 жаштагы жыгач уста Кайт Болттун демонстрация тууралуу пикири мындай:
-Менин оюмча, көпчүлүк адамдар Нью-Йоркто чогулууну 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяны республикачылар өз пайдасына колдонууда деп айтышаары шексиз. Демократтар 11-сентябрдын талылылуу, сезимтал жактарын пайдаланбашы керек. Мен республикачылардын шаарда курултайын өткөрүүсүн толук колдойм. Бул биздин кайсы багытка жүрүшүбүздү көргөзчү чоң форум болот.