Бириккен улуттар уюмунан түгөйлөштүрүү же клондоштуруу ишине уруксат сурап жатышкан британиялык окумуштуулар төрөлө элек бөбөктүн клеткаларынан түгөйлөрүн жаратуу учурунда алынган айрым бөлүктөр айыккыс делген дарттарга дабаа боло тургандыгын айтып чыгышты.
Улуттар академияларынын башын бириктирип турган Академиялык Комиссия да, падышалык коом да түгөйлөштүрүү ишине эларалык коомчулук тарабынан тыйуу салынышын каалашат. Бул, алардын ойлорунда, элдерге түйүлдүктүн клеткаларын түгөйлөштүрүүдөн башка максаттарда өздөрү билгендей изилдөөгө уруксат бермек. Бириккен улуттар уюмунун башкы жыйыны адамдын түгөйүн илимий ыкма менен жаратуу иши тууралуу келишимди ушул жылдын октябрында карайт.
Парламентте бир канча жолу өткөн эркин добуш берүүлөрдөн жана дебаттардан соң Британия адамдын түгөйүн медициналык жол менен жаратуу ишине 2001-жылы тыйуу салды, бирок ошол эле учурда, түйүлдүктүн клеткаларын изилдеп, аны башка максатта колдонууга мүмкүндүк берген алгачкы мамлекет болуп калды.
Британиянын Эмбриология жана Уруктантуу боюнча кеңсеси Ньюкасл университетине бир жылдык мөөнөт ичинде адам түйүлдүгүнүн клеткаларын жаратуу уруксатын берген:
- Бул – балким, болочокто жаралуучу илимге карай жасалып жаткан эң алгачкы кадам десем болот. Анын жардамы менен диаррея жана башка татаал ооруларга каршы дарыларды тапсак болот, - дейт Ньюскасл университетинде эмгектенген окумуштуу айым Алисон Мардок.
1996-жылы Британиядагы Рослин институту койду клондоп, аны Долли деп атап коюшкан. Бул окуя бүтүн дүйнө элин дүрбөлөңгө салган эле.
Окумуштуулар бул окуяны рак сыяктуу айыккыс ооруларды дарылоого багытталган кезектүү ачкыч деп таанышса, айрым өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана диний башчылар андан адам баласынын жаратылышына каршы болгон бузукулукту көрүшкөн. Алар бул аракеттерди Кудайды тууроого көрүлгөн аракет катарында сыпаттап, адамды жасоо жалаң гана Кудайдын амирине ылайык деп чыгышты. Ал эми балдары түрдүү кырсыктардан же оорудан улам чарчап калган айрым үй бүлөлөр үчүн бул кайра аларды жарык дүйнөгө кайтарууга болгон жалгыз айла-амалдай сезилип келет.
Быйыл февралда кореялыктар биринчи адамды түгөйлөштүргөнү тууралуу “Илим” журналында кабарлашты. Ал эми британиялык окумуштуулар түйүлдүктүн клеткаларынан ооруга каршы дарыны алуу максатында изилдөө иштерин баштоо үчүн өлкө бийликтеринен ырасмий уруксат алышты. Серепчилердин айтымында, азыркы тапта илимдин өнүгүшү элдердин турмушундагы моралдык баалуулуктар менен илим ортосундагы таймашты улам курчутууда.