Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

РЕСПУБЛИКАЛЫК ПАРТИЯ ПРЕЗИДЕНТ БУШТУ ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ КӨРСӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага 30-августта Нью-Йорк шаарында Республикалык партиянын курултайында Жорж Буш партиянын атынан экинчи президенттик мөөнөткө көрсөтүлдү. Жыйында сүйлөгөн саясатчылар президентти мактап, анын Иракка каршы согуш баштаганына колдоо көрсөтүштү.

Жыйында чыгып сүйлөгөн Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиани президент Жорж Бушту Британиянын бир кездеги атактуу премьер-министри Уинстон Чөрчилл жана мурдагы америкалык президент Роналд Рейган менен салыштырды. Анын айтымында, Чөрчилл немис нацисттерине каршы, ал эми Рейган коммунизм менен кандай согушса, президент Буш дагы эл аралык терроризмге каршы азыр ошондой деңгээлде күрөш жүргүзүүдө:

- Дүйнөлүк коомчулук СССР менен айласыздан кызматташып жүргөндө жана коомдук пикир Роналд Рейгандын зиректигинен күмөн да санаган кезде Рейган Советтер Союзун "балакеттин дөөлөтү" деп атаган. Президент Буш дагы азыр дүйнөлүк терроризмди "балакет" деп эсептейт.

2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп көрсөтүлгөн сенатор Жон Керрини дагы Жулиани сынга алып өттү:

- Эки адам ортосундагы айырмачылыкты дагы ажыратып билүү өтө маанилүү. Коомдук пикир экиге бөлүнгөн учурда дагы президент Буш оор чечимди ишке ашырууда чечкиндик көрсөтүүдө. Жон Керри болсо кээде өтө маанилүү маселелер боюнча дагы өз пикирин өзгөртүп келген адам.

Курултайда чыгып сүйлөп, президент Бушка колдоо көрсөткөн сенатор Жон Маккейндин айтымында, терроризмге каршы согушта текшерилген Буш кызматында экинчи да мөөнөткө калганы жакшы:

- Бизге катуу чечимдерди кабыл алууда тажрыйбасы бар, андай чечимдерди кыйшаюусуз ишке ашырууга жөндөмдүү лидер керек. Эс алууга мүмкүнчүлүк болгондо дагы токтобой, бизди алдыга түрткөн жетекчи керек жана президент Буш Американы азыркыдан да күчтүү жана коопсуз кылганга чейин эс албайт. Ал текшерилген адам жана азыркы замандын эң чоң коркунучуна каршы тайманбастан каршы турду, мен аны кубаттайм. Дүйнөнү коопсуз жана эркин кылууга багытталган анын чечкиндүүлүгүн мен жактырам.

Сенатор Маккейн мурда Буштун саясатын кээде сынга да алып келген саясатчы, ошондуктан курултайда анын президентке колдоо көрсөткөнү бир топ орчундуу окуя. Иракка каршы Буштун согуш баштаганын жактырбагандарды дагы Маккейн сындап өттү:

- Биз мурда түзүлгөн абалды сактап же кандуу согуш баштоо ортосунда тандаган жокпуз. Биз согуш же андан да жаман коркунуч ортосунда тандадык. Андан башка пикир айкандарга жол бербегиле.

Курултайда "Американын исламдык конгресси" деп аталган уюмду жетектеген Зайнаб ал-Сувайж да сүйлөп, Иракка каршы согуш жүргүзүлгөнүн колдоого алды:

- Президент Буштун боорукердик жетекчилиги астында ирактыктар тарыхта кайсы бир эл башка элден мүмкүн ала ала турган эң баалуу белекке ээ болду - ага демократия жана өз келечегин өзү аныктай ала турган мүмкүнчүлүк белек катары берилди.

Сувайж айым Иракта туулган жана 1991-жылы АКШга көчүп кетип, америкалык саясатчыга айланган.

Демократиялык партиянын курултайы болсо июлда Бостон шаарында өткөн жана анда Керриге - мурдагы президенттер Жимми Картер менен Билл Клинтон, Бириккен Улуттардагы АКШнын мурдагы элчиси Ричард Хоулбрук менен мурдагы коргоо министри Уильям Перри жана башка саясатчылар колдоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG