Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:42

БЕКНАЗАРОВ ШАЙЛООНУН АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНБЕЙТ


1-сентябрда “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун лидери Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, анда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзамга президенттин вето коюсунда саясий себептер бар деген пикирин билдирди. Ал эми мамлекет башчынын администрация аны төгүнгө чыгарууда.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана кошумчалар Шайлоо кодексинин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында быйылкы жылы июнь айында киргизилген. Мыйзамда Шайлоо кодексин бузууга жол бергендерди жазалоону күчөтүү шарттары жана шайлоо мыйзамын бузуу фактылары боюнча атуулдардын сотко түздөн-түз кайрылуу укуктары каралган. Депутаттын айтымында, долбоор аткаруу бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Борборшайлоокомдун макулдугу менен кабыл алынган эле:

- Борборшайлооком менен биргелешип иштеп чыкканбыз. Шайлоочунун жана атуулдардын укугун бузууга жол бербеген, адилет, ачык жана калыс шайлоонун болушу үчүн - шайлоону бузган, ага жолтоо болгон тараптарды жоопкерчиликке тартуунун механизимдерин киргизген элек.

Ветодон кийин шайлоонун адилет жана калыс өтөөрүнө ишенимим жоголуп баратат деген Азимбек Бекназаров буларга токтолду:

- Ветонун саясий максаты мында болуп жатат, бүгүн бийликтин өзү бардык жерде Шайлоо кодексин көз көрүнө бузуп жатат. Маселен, участкалык комиссиялар түзүлүп жатканда кодекс талап кылгандай саясий партиялардын өкүлдөрү катышпай калды. Чогулуштар болгон жок. Мурдагыдай эле айыл өкмөт башчысы же район акими айткан кишилер комиссияга кирип жатат. Эми аларды тыюу үчүн жоопкерчиликке тарталы десек эч кандай механизм жок болууда.

Президенттик администрациясынын юридикалык бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Рустам Мамадалиев президенттин вето коюсунда саясий себептер жок экенин билдирди:

- Депутаттар кабыл алган өзгөртүүлөр Кылмыш кодексине каршы келет. Анткени кээ бир беренелер кайталанган, кээ бир толуктоолордо кылмыштын так аныктамасы берилген эмес. Байкалып тургандай вето юридикалык себептерге байланыштуу коюлду. Бул жерде саясат жок. Мыйзам кайрадан иштелип чыгууга муктаж.

Ал эми өлкөнүн шайлоо жараянына көптөн бери катышып келаткан өкмөттүк эмес уюмдар президенттин вето коюсун терс баалашууда. Маселен, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын пикири мындай болду:

- Шайлоо кодексинин авторлору Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев менен тыгыз иштешкен учурубузда алар айтышкан эле “президент менен биз сүйлөшүп жатабыз. Эми кодекс ушундай болуп калды, бирок Кылмыш кодекси, Атуулдук кодекс жана Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, ошону менен теңдеп алабыз. Канткен күндө да, президент айткандан кийин ишенебиз” дешкен. Бирок ошол мыйзамга вето коюлса, парламенттик жана президенттик шайлоо таза өтпөй калат.

"Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдары коалициясынын президенти Эдил Байсалов Кылмыш кодексине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзамга коюлган вето шайлоонун адилет жана таза өтөөрүнө шекти күчөтөт, деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG