Мындан беш жыл мурда башталган экинчи чечен согушунан кийин орусиялыктар түрдүү террордук жардырууларга көп кабыла башташты. Бирок өткөн жумада башталып, бул апта ичинде да бир канча окуялар менен уланып жаткан чабуулдардын катары аябай эле коркунучтуу көрүнүүдө.
1-сентябрь күнү 20га жакын куралчандар Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте окуу жылынын башталыш салтанатына чогулган бир нече жүздөгөн адамды барымтага алышты. Барымтага түшкөндөрдүн саны тууралуу айтылып жаткан маалыматтар улам өзгөрүп жатат. Алгач 200гө жакын адам деп айтылса, кийинчерээк 400 адам барымтада деген кабар тарады. Бирок акыркы маалыматтарда барымтадагылардын саны 120дан 150гө чейин болушу мүмкүн деп билдирилди.
Куралдуу топ мектепке кол салганда 15ке жакын адам, алардын ичинде көпчүлүгү окуучулар, качып кутулууга үлгүрүшкөн. Алардын бири, окуучу Зоурбек Тсумартов ал окуя тууралуу мындай деди:
- Биз бир канча балдар болуп, жыйында адамдардын артында турганбыз. Бир убакта эле куралчан үч кишинин чуркап келатканын көрүп калдым. Бул дагы кандай тамаша? - деп ойлоптурмун. Анан эле алар асманга ок жаадыра башташты. Ошондо качып кеттик.
Белдерине бомба байлап алышкан согушчандар “эгерде мектепке чабуул жасалса, аны адамдар менен кошо жардырып жиберебиз” деп коркутуп жатышат.
Согушчандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ингушетиянын жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышууда. Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын июнь айында “мамлекеттик кызматкерлерге кол салышкан” деген айып менен камакка алынган адамдардын бошотулушун да айтышууда.
Ал эми шейшемби күнү Москвадагы метронун жанында болгон жардыруудан 10 адам өлдү, 50дөн ашууну жарадар болду.
Москванын метросунун босогосундагы жардырууну өзүн “Исламбули бригадасы” деп атаган топ жасагандыгын бул уюм интернеттеги баракчасында жарыя кылды. Өткөн жумада орусиялык эки учактын кырсыкка учурашына да дал ушул топ жоопкерчиликти өзүнө алган эле. Алар жардырууларды “Орусиянын чечен жериндеги туура эмес саясаты үчүн өч алууну каалайбыз” деп түшүндүрүштү.
Москва шаарынын мэри Юрий Лужковдун айтымында, жанкечти аял метрого кирип баратканда, эки милиционер адамдардын паспортторун текшерип жаткан экен. Аны көрө койгон жанкечти артына кайта берип, ошол эле жерден өзүн өзү жардырып жиберди.
- Бул террор актысы болду. Аны белине түрдүү темир болттор менен бекитилген жардыргычты байлап алган жанкечти аял жасады, - деди Москва шаарынын мэри Юрий Лужков.
Бул эки террордук акт өткөн жумада 90 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктардан кийин болуп олтурат.
Орусиянын ырасмий бийлик өкүлдөрү Москва шаарындагы метронун “Рижская” станциясында болгон жардырууну террор уюмдарынын ишмердүүлүгү менен байланыштырышты.
- Чынында, бизге эларалык терроризм согуш жарыялады. Бирок бул согушта душман да, согуш майданы да көрүнбөйт. Ошого карабастан коркунуч сакталууда, - деди Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов.
Ал эми орусиялык саясий эксперт Андрей Пионтковскийдин оюнда, акыркы мезгилдерде улам күчөгөн террор актыларын Орусиянын акыркы жылдарда Чеченстан боюнча жүргүзгөн саясатына жооп деп тааныганга болот:
- Алгач, ким бизге каршы тураарын аныктап алсак, максатка ылайык болмок. Жалпысынан алып караганда, бизге негизи эч ким деле чоң талаптарды койгон жок. Болгону теракттарга жоопкерчиликти глобалдык террор уюмуна мүчө бир топ өзүнө алып жатат. А жаман жери – ошол желеге эми Чеченстандын каршылык көрсөткөн күчтөрүнүн көпчүлүк бөлүгү кошулуп калгандыгында. Бул – биздин өкмөттүн акыркы жылдары жүргүзүп келген саясатынын натыйжасы, - дейт саясий эксперт Андрей Пионтковский.
Айрым байкоочулардын ойлорунда, Түндүк Осетиядагы окуялар мындан эки жыл мурдараак болгон Норд-Ост окуясына өтө эле окшош өнүгүп жатат. Анда эки жарым күндөн кийин орусиялык аскерлер театрга чабуул жасашкан. Бирок бул жолу барымтачылар “эгерде мектепке чабуул жасалса, анда алар бомбаларды жардырып жиберебиз” деп жатышат.