Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫНЫН СОҢКУ АРАКЕТТЕРИ ШАЙЛОО ҮЧҮН ЖАСАЛГАН КАДАМБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Эгемендүүлүк майрамынын алдындагы Мамлекет башчысынын Ош, Чүй областын кыдыруусу жана Бишкек шаарында Курманжан датканын эстелигин, ошондой эле бир катар жаңы мектептерди ачуу аземине катышуусу айрым аналитиктердин баамында шайлоо алдындагы пиар кампаниясын көбүрөөк эске салат. Август айында Ош областында «Элим менен, элим үчүн» деп аталган коомдук фонд түзүлүп, Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен узартууну көздөгөн аракеттер эксперттер тарабынан ар кыл бааланууда.

Эгемендүүлүк майрамынын алдында алгач Ош областында “Элим менен, элим үчүн” аттуу коомдук фонд түзүлүп, ага Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө шайлоону каалаган кыргыз жарандары баш кошту жана алар эл арасынан кол топтоо иштерин баштады. Бул коомдук фонддун активдүү жетекчилеринин бири, КДК партиясынын Оштогу мурдагы жетекчиси Аманбай Сатымбаев:

- Жакшы адам, жакшы мүнөздүү адам катарында биз анын турушун дагы каалайт элек - деп Аскар Акаевдин жакшы мүнөзү үчүн дагы мөөнөткө калышын каалаарын билдирсе, “Кызбурактын” көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова:

-Эмне үчүн Аскар Акаевдин реформаларын колдоого болбосун. Кол топтогонго толгон адамдар макул болуп жатпайбы. Мисалы үчүн биз эч кимди мажбурлаган жокпуз да, – деп коомдук фонд анын мөөнөтүн референдум жолу менен узартууга киришкенин жашырбайт. Ал эми Карасуу районунун тургуну Сатыбек Токторов:

- Жүргүзгөн саясатын колдоо менен бирге кыргыз журтчулугунун келечеги үчүн түбөлүккө президент болушун каалайбыз, - деп Аскар Акаевдин көзүнчө чогулган элге кайрылган. Андан көп өтпөй Бишкек шаарында Курманжан датканын айкелин ачуу аземинде Оштон келген отставкадагы генерал Мырзаалы Абдрахманов:

-Узун өмүр, бакты-таалай берсин, дайыма тынчтык болуп, элибизди-журтубузду биздин урматтуу Президентибиз башкара берсин! – деп батасын берди.

Мына ушундай аракеттер сентябрь айынын алдында, Конституциялык сот Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө шайлоого катышууга Конституциянын жаңы редакциясы жол береби же жокпу деген маселени караарда активдешкенин айрым талдоочулар бийлик тарабынан тымызын уюштурулган иш чара катары баалашууда. Бул маселе тууралуу Жаңы Кыргызстан партиясынын жетекчиси Досбол Нур уулу:

-Мындай иштин Оштон чыкканы өтө таң калтырбаса деле болот, А.Акаевди мына үчүнчү-төртүнчү мөөнөткө дагы үндөгөн, кол чогулткан дагы ошол түштүктүн эли болгон. Бул жерде жалпы элди күнөөлөгөн туура эмес, анын ичинде "дежурный аксакалдардан" баштап, анча-мынча элдин байлыгын талап-тоногон бир шумпайлар өз көмөчүнө күл тартып атса керек. Мыйзамдуу өлкө курабыз десек, мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз десек Конституцияны бузганга эч кимдин укугу жок. Анын ичинде А.Акаевдин дагы. Референдумга көтөрүп чыккан - бул мыйзамсыз нерсе.

Ошентип күздүн башталышы көптөгөн саясый оюндар менен коштолуп, шайлоого карата жаңы аракеттер болоорун алдын ала айткан айрым эксперттердин айткандары оңунан чыгып жаткандай. Бирок мамлекет башчысы бул маселе боюнча дагы бир мөөнөткө барышына Конституциянын жаңы редакциясы жол бербесин ар убак эскертип келет. Анда “Мамлекет башчысынын айтканын сыйлабай, аны мыйзамсыз жолго түрткөн өлкөдө үчүнчү күч барбы?”, “Алар кимдер?” деген суроолор коомчулукта көп берилип, ага жооп табылбай келгенин маалымат каражаттары көп эле жазып келишет.

XS
SM
MD
LG