Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

ТҮНДҮК ОСЕТИЯДАГЫ БАРЫМТА КРИЗИСИ


Муса Мураталиев, Москва Бесланда орто мектепти басып алып аткандагы кармашууда 1-сентябрда 12 киши окко учуп, 354 киши барымтага алынганы белгилүү болду. 2-сентябрда калаанын прокуратурасы «терорчулук», «киши өлтүрүү», «барымтага алуу» беренелер астында кылмыш ишин козгогон. Маскөөдөн барган балдар доктуру Леонид Рошаль барымтачылар менен улам-улам байланышка чыгууда. Түндүк Осетия ички иштер министри Казбек Дзантиев түшкү саат 12де жасаган билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр дурус жыйынтык бербей атат деген. РИА-Новости агенттигинин акыркы маалыматтары боюнча, куралчандар 26 адамды, негизинен балдар менен аялдарды бошотту.

Бейшемби күнү түшкө жуук Беслан калаасынан келген кабарда кечөө барымтачылар орто мектепти басып аларда кармаш болду. Ошондо 12 киши окко учту делинет. Буга дейре орусиялык маалыматтарда 7 киши окко учту деп айтылган. Жарадар болгондор туурасында так маалыматтар жок. Түндүк Осетия ички иштер министри Казбек Дзантиев барымтада жаткан кишилердин көбүнүн жанын сактап калуу биздин милдет деди:

- Азыркы тушта биздин башкы максат - мүмкүн болушунча барымтада жаткандардын көбүнүн жанын сктап калуу. Бул – биринчи милдет. Балдарды алардын колунан сууруп алуу – бул экинчи максат.

Бирок бир түн, бир күн бою сүйлөшүүлөр жүргөнү менен ал оң натыйжа бербей атканын маскөөлүк балдар доктуру Леонид Рошаль айткан жана Түндүк Осетия жетекчилиги да айткан. Кечөө журт башына түшкөн калабаны Орусиянын коргоо министри «бул өлкөгө согуш жарыялоо болду» деп баалады:

- Дегинкиси бул бизге каршы согуш ачуу. Беттешчү кыйыры көзгө көрүнбөгөн, түрү башкача, бирок коркунучу нагыз (жоонун – ММ) бизге согуш ачуусу.

Ар кайсы агенттиктердин кабарчылары барымтачыларды «Рияд ас-Салихин» атындагы исламдык шейиттер батальонунун кишилери дешүүдө. Түндүкосетия милиция жетекчиси Джантиевдин маалыматында барымтачылар ар кошкон элден: осетин, ингуш, чечен жана орус улутунан түзүлгөн. Арасында аял заты да бар жана алар бомба кур курчанып жүрүшөт.

Түндүк Осетия министри Казбек Дзантиев барымтачылар менен байланыш болгон сайын аларга кандай сунуш менен кайрылышканын ал жерде тургандарга улам айтып чыгууда. Маселен, түш оой барымтачылар менен болгон кезектеги байланыштан соң:

- Биз аларды колуңарда канча бала болсо алардын ордуна ошончо чоң киши берели десек болбоду. Биз аларга жол ачып берели келген жагыңарга, кайра аман-эсен кеткиле десек болушпады, - деди.

Дагы бир булактан келген кабарда барымтада жаткандар арасынын кимдир бирөөлөр чөнтөк телефондон үйдөгүлөрү менен сүйлөшүп атат.

Ал эми РИА-Новости агенттигинин акыркы маалыматтары боюнча, куралчандар 26 адамды, негизинен балдар менен аялдарды бошотту. Бошонгондордун айрымдары дарыланып жатат, айрымдары менен укук коргоо органдары иштешүүдө.

Барымта кризиси уланууда...

XS
SM
MD
LG