Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ИШ ЖЫЛЫН ЫКШОО БАШТАДЫ


Жогорку Кеңешти Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшембиде сентябрда карала турган маселелердин күн тартибин бекиткен жок. Буга жаңы орнотулган добуш берүүчү жабдуулардын түзүк иштебей койгону себеп болду. Бирок эл арасында парламентарийлер олуттуу мыйзамдарды кабыл алуудан мурун, шайлоочулардын бүйүрүн кызыта турган маселелерди кароого гана куштар болот деген пикирлер да жок эмес.

Кезектеги парламенттик шайлоо алдындагы акыркы сессиясын 1-сентябрда баштаган Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшембиде толук иштеген жок. Буга депутаттарга добуш берүүчү жаңы карточкалардын берилиши жана аны менен добуш берүү жыйынтыгын каттоочу жаңы жабдуулардын жакшы иштебей койгондугу себеп болду.

Депутаттар каттоодон өтүп, добуш бере албагандан кийин күн тартибин бекитүүнүн зарылдыгы жок дешип, аны дүйшөмбүгө калтырышты. Бирок кайсы маселелерди кароо керектигин талкуулоодон кийин төрт топтон турган маселелерди тезинен кароо керек деген бүтүмгө келишти. Төрага Абдыганы Эркебаевдин тактоосу боюнча алар төмөнкүлөр:

- Биринчи - айыл чарба продукциясын сатуу маселеси. Анткени, азыр жыйым-терим башталды. Экинчиси, кышка даярдык. Энергетика жана көмүр менен кандай камсыз кылынып жаткандыгын карайлы. Үчүнчүсү, социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пул кандай берилип жаткандыгы жөнүндөгү маселе. Төртүнчүсү, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу. Мына ушул төрт маселе азыр эң маанилүү.

Палата өлкөнүн азыркы социалдык-экономикалык абалын караган маалда өкмөт башчынын маалымат берүүсүн талап кылышып, аны эмдиги жумада өткөрөлү деген ойго токтолушту.

Мындан тышкары Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин жергиликтүү шайлоого даярдыктар тууралуу маалыматын угуп, шайлоо маалында мыйзам бузган тараптарды жазага тартуу жобосун Кылмыш-жаза кодексине киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент эмне себептен каршы болгондугун аныктоо зарылдыгын белгилешти. Депутат Ишенбай Кадырбековдун билдирүүсү боюнча, анын себеби төмөнкүчө:

- Президенттин вето койгону түшүнүксүз болуп калды, - дейт Ишенбай Кадырбеков. - Шайлоо калыс өтсүн, мыйзам бузгандар болбосун, аны бузгандар жоопко тартылсын деген талаптар коюлган менен, аны ишке ашыра турган мыйзамга кол койбой койгону таң калычтуу. Менин оюмча, бийликте тургандар шайлоодо каалаган адамдарын өткөрүү максатын коюп жатат окшойт. Анткени, мыйзамды өздөрү каалагандай бузса да жоопко тартылбай тургандай механизмге жол ачылды. Демек, келечектеги шайлоо таза, калыс өтөт деп ишенүүгө болбой калды. Биз ошондуктан Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасын чакырып жана президенттин палатадагы өкүлүнөн эмне деген ойлору бар экендигин жана эмне себептен кол коюлбагандыгын сурайлы деп жатабыз.

Күн тартибине кире турган маселелерди талкуулоодо менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычына өтүүгө негиз бере турган мыйзамдар депутаттардын карама-каршы пикирин жаратты. Өкмөт аларды тезинен кабыл алып берүүнү өтүнгөн менен депутаттардын көбү шашылыш кароонун зарылдыгы жок экендигин белгилешип, депутат Адахан Мадумаров мунун артында бир саясий мүдөө бар деген оюн билдирди:

- Эмне мынча шашкалактайсыңар? Бир мөөнөт жакындап калдыбы? Өткөндө бул маселе өтпөй калган. Ошондуктан бир жылга чейин жаңы мыйзам долбоору каралбайт. Ишенип коюңуздар, менчиктештирүү боюнча ушул мыйзам эртең биздин жүрөгүбүзгө атылган замбиректин огу болот. Биз ошондой бир саясий кадамга бара жатабыз. Ошондуктан, менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарды күн тартибинен алып салууңуздарды суранам.

Ал эми Бейшебек Акунов маселени кароодон мурун менчиктештирүүнүн буга чейинки үч баскычынын натыйжасы тууралуу өкмөт отчет берүүсүн талап кылды:

- Менчиктештирүүдөн ушуга чейин эмне алдык, натыйжасы кандай болду? Отчетту толугу менен бергиле. Ошондон кийин гана карайлы. Жакшы болсо кош колдоп кабыл алып берели. Отчет бермейинче карабай туралы.

Мыйзам чыгаруу жыйыны иш жылын ыкшоо баштаганы көп саясий окуяларды күтүп жаткан коомчулукта ар кандай пикир жаратууда. Депутат Ишенбай Кадырбеков «ишке техникалык кемчиликтер гана тоскоол болду, палата жандуу жана натыйжалуу иштөөгө даяр» деп билдирген менен, депутаттар шайлоо алдында мамлекетке зарыл мыйзамдарды эмес, өздөрүнүн саясий аброюн арттыра турган маселелерди кароого гана куштар деген атуулдар да болууда. Андай ой ээлеринин бири, саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеевдин билдирүүсү боюнча:

- Депутаттардын эл шайлаган адам катары кыргыз эли муктаж мыйзамдарды күнүгө карап, кабыл алууга убактысы жок. Алар азыр өзүлөрүн көрсөтүп, бирөөнү сындап, элге көрүнүп, эмки шайлоодо добуш алайын деген гана аракетте болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG