Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

АКШдагы ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮ КҮЧ АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын Республикалык партиясынын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан курултайында 1-сентябрда вице-президент Дик Чейни чыгып сүйлөп, президент Жорж Бушту мактады. Чейнинин айтымында, террорго каршы согушту ийгиликтүү аякташ үчүн, Буш экинчи мөөнөткө президент болуп шайланыш керек, сенатор Жон Керри болсо чечкиндүү саясатчы эмес: 20 жыл ичинде Конгрессте ал бир топ маанилүү маселелер боюнча туура эмес добуш берген.

Курултай 2-сентябрда кечинде, Бишкек убактысы боюнча 3-сентябрда аяктайт жана анын акыркы жыйынында президент Жорж Буш сүйлөп, партиянын атынан президенттикке талапкер болууга макулдугун билдирүүгө тийиш. 1-сентябрда болсо вице-президент Дик Чейни Демократиялык партиянын талапкери сенатор Жон Керрини катуу сынга алды.

Чейнинин айтымында, 20 жыл бою сенатор болуп Конгрессте иштегенде, Керри негизги маселелер боюнча көпчүлүккө каршы добуш берген жана кийин анын пикири туура эмес болуп чыккан, президент болсо эч качан андай ката кетирбеш керек:

- Сенатор 20 жыл бою ката кетириши мүмкүн жана андан мамлекетке өтө деле чоң зыян тийбейт. Бирок президенттин добушу дайым акыркы чечим менен байланыштуу. Ошондуктан азыркы опурталдуу мезгилде Америкага туура чечим кабыл алган президент керек жана андай президент бизде бар.

Чейнинин айтымында, АКШ коопсуздугуна коркунуч түзүлгөндө, президент Буш чечкиндүү саясат жүргүзүп, өлкөгө кол салган террорчуларды жеринде жок кылууга жетишти. Ошондуктан 2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо америкалыктар эл аралык террорчулукка каршы андай саясаттын уланышы үчүн добуш берүүгө тийиш.

Демократиялык партиянын июлда Бостон шаарында өткөн курултайында Керри президентти сынга алып, анын Ирак саясатынан улам Америка өзүнүн Европадагы негизги шерик мамлекеттеринин колдоосунан айрылып, Бириккен Улуттар менен дагы мамилесин бузуп алды деп айткан. Вице-президент Чейнинин пикири боюнча болсо АКШ өзүнө талаптуу саясат жүргүзүүдө эч кимден уруксат сурап аракеттенбеш керек:

- Президент ачык билдиргендей, көп мамлекет кирген топту жетектөө менен бир аз өлкөлөр тобунун максатына көнүү ортосунда айырмачылык бар. Америка элин коргоо үчүн президент Жорж Буш эч кимден уруксат сурабайт.

Республикалык партиянын курултайына Демократиялык партиянын мүчөсү сенатор Зел Миллер дагы катышып, Жон Керриге каршы сөз айтты:

- Жыйырма жылдан ашык мезгилде Конгрессте эркиндик жана коопсуздук менен байланыштуу орчундуу маселелер талкууланганда Жон Керри көпчүлүк учурда ката пикир айтып, кайратсыз жана туруксуз болгон, бир да башка көрүнүктүү америкалык саясатчы анча ката кетирген эмес.

Сенатор Керри болсо ошол эле 1-сентябрда Нэшвилл шаарында согуш ардагерлери менен жолукканда президентти катуу сынга алып, Ирактагы согуштан кийин кандай саясат жүргүзүүгө өкмөт даярдык көргөн эмес деп билдирди:

-- Таң каларлык, бирок чындап эле согуштан кийин эмне кылуу керек экени тууралуу алар эч кандай план иштеп чыккан эмес. Бирок Конгресс мүчөлөрү жана башка эксперттер ал тууралуу көп жолу катуу жана ачык эскерткен.

Андан тышкары Керринин пикиринде, эл аралык террорчулукка каршы согушта АКШ жеңишке жетүүгө кудуреттүү жана сөзсүз жетүүгө тийиш. 30-августта NBC сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, президент Буш террорго каршы согушта жеңип чыгуу мүмкүн эмес деп айткан. Анын эртеси өткөн башка бир жыйында президент өзүн оңдоп, АКШ өкмөтү бардык мүмкүн болгон чараларды колдонуп, жеңишке жетет деп билдирген. Август айында болсо Буш - Ирак согушунан кийинки саясатта Америка жетекчилиги ката кетиргенин мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG