Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

БЕСЛАНДАГЫ БАРЫМТА КРИЗИСИНЕН 338 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ


Төрөкул Дооров, Прага Акыркы маалыматтарга караганда, Түндүк Осетияда аяктаган кандуу барымтадан 338 адам өлдү деп кабарланууда. Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиев өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү чечти.

Орусия Беслан шаарындагы барымта кризисинен дале эсине келе элек. Барымтадан бошоп, ооруканаларга жаткырылгандардын арасында оор абалдагы адамдар көп, жарык дүйнө менен коштошуп жаткандардын саны да улам өсүүдө.

Бүгүн түштө Түндүк Осетиянын ырасмий өкүлдөрү өлгөндөрдүн саны 338 адамга жеткенин кабарлашты. Алардын дээрлик жарымы - балдар. Ошол эле учурда ооруканаларда дагы 700дөн ашуун адам түрдүү даражадагы жаракат менен жатышат.

Бүгүн барымта окуяларынан каза болгондорду акыркы сапарга узата башташты. Бул күнү Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиев өз ыктыяры менен кызматынан кетээрин билдирди.

Орус өкмөтү барымтага алынгандарды бошотууда аталган министрликтин ишин жогору баалаган, бирок Дзантиев “офицер жана жөн гана адам катарында бул чечимди кабыл алууга милдеттүүмүн” – деп эсептейт.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын Түндүк Осетия боюнча өкүлү Валерий Андреев барымтачылар курал-жарактарынын жана жардыргыч заттардын көпчүлүк бөлүгүн мурда эле мектептин спорттук залына бекитип коюшкандыгын айтты. Бул, анын айтымында, ушул күндөрү жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин учурунда аныкталып жатат.

Сослан Бидоев – Бесланда барымтага алынган жаш балдардын бирөөсүнүн агасы. Анын айтымында, барымтачылар куралдарын мектепте жай мезгилинде ремонт иштеринин учурунда бекитүүгө үлгүрүшкөн:

- Менин иним спорттук залда баскетбол мааресинин астында олтурган экен. Куралчандар болсо чоң кишилерди залдын полун ачууну буйрушуптур. Алар полдун астынан мурда камдап коюшкан курал-жарактарын сууруп чыга башташыптыр.

Орус президенти Владимир Путин барымта окуялары учурунда бул тууралуу эч кандай оюн билдирген эмес. Кечээ эртең менен президент Беслан шаарына келип, абал менен жакындан таанышкандан кийин жыйын өткөрүп, “негизи, мектепте адамдарды барымтага алып жатышкандарга каршы чабуул жасоо биздин ойдо жок болчу” деп билдирди. Анын айтымында, барымтачылар адамдарды өлтүрө баштагандан кийин гана өкмөттүк аскерлер аларга каршы ок чыгарууга мажбур болушкан:

- Бул болуп көрбөгөндөй таш боордук менен жасалган оор кылмыш болду. Бирок аны президентке же өкмөткө жасалган чакырык деп таануу мүмкүн эмес. Бул - бүтүндөй орусиялыктарга жасалган чакырык болду, - деди орус президенти Владимир Путин.

Ошол эле учурда айрым жергиликтүү байкоочулар, алардын ичинде Андрей Пионтковский, өкмөттүк аскерлердин чабуулу алдын ала ойлонулган болушу да ыктымал экендигин айтышып, “эгерде чындап эле ушундай болгон болсо, анда орус бийликтери чоң саясий катачылык кетиришкендигин” билдирди.

Ал эми бесландыктар да Путиндин билдирүүсүн ар кандай кабыл алышты. Кечээ президенттин элге жасаган бул кайрылуусун уккан Бесландын тургуну, эки баланын энеси Валя бул тууралуу төмөнкүчө оюн билдирет:

- Эмне дээримди да билбейм. Бул аябагандай эле коркунучтуу болду. Мен президенттин сөздөрүнө ишенгим келет, бирок менде жакшылыкка болгон үмүт калган жок.

Бүгүн Беслан шаарынан ден соолугу оор абалдагы 17 бала Москванын ооруканаларына жеткирилди. Доктурлардын айтымында, алардын көбү баш сөөгүнөн жаракат алышкан. Медициналык жардам берүү борборунун жетекчиси Иван Сахно жекшембиде Москвага Бесландан 30 адам жеткирилээрин айтты. Бирок анын айтымында, борборго жалаң гана оор абалдагы адамдар жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG