Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Ысыккөл оюндары өтөт


БИШКЕК. Эртең «Көгүлтүр Ысыккөл» санаториясында төртүнчү спорттук Ысыккөл оюндары башталат. Ага Кыргызстандын спортсмендеринен тышкары Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын, Түркмөнстанрдын жана Орусиянын айрым региондорунун спортсмендери катышат. Мелдеш 35 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы спортсмендер арасында волейбол, суудагы волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол, үстөлдөгү теннис, сууда сүзүү жана теннис боюнча жүргүзүлөт. Мындан тышкары жөө күлүктөр менен сууда сүзүүчүлөрдүн мелдеши жана «Ысыккөлдүн баатыры» деген конкурс уюштурулат. Ысыккөл оюндары 9-сентябрда «Манас ордо» комплексинде расмий түрдө ачылып, ага президент Аскар Акаев менен Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин да катышат деген маалымат бар. Оюн маалында «Дүйнөлүк спорт эл аралык терроризмге каршы» конгрессинин жыйыны болот. Ысыккөл оюндарын болсо Кыргызстандындын профсоюздар федерациясы, спорттук оюндардын эл аралык конфедерациясы жана спорт жана туризм боюнча мамлекеттик комитет уюштурууда.

XS
SM
MD
LG