Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

БЕСЛАНДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛЕ БАШТАДЫ


5-сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы трагедиянын курмандыктары жерге бериле баштады. Эл аралык коомчулук орус элине өз тилектештигин билдирип, кылмышкерлерди айыптап чыкты. Бирок Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри жасаган комментарий Москва менен Амстердам ортосундагы дипломатиялык талашка алып келди.

Бесландагы барымта кризиси Евробиримдиктин кезектеги жыйыны өтүп жаткан күндөргө туш келди. Европалык министрлер Россияга колдоо көргөзүп, кандуу окуя үчүн жоопкерчилик толугу менен террористтерге жүктөлөт деп билдиришти.

Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро терроризмге каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын белгиледи:

- Бул үрөй учурган окуялардан улам, терроризм бардыгыбыз үчүн коркунучтуу экенин түшүнүү керек. Ага каршы күрөшүүдө биз ынтымактуу болууга тийишпиз.

Аны менен бирге, Биримдиктин учурдагы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри Бернард Бот “Россия Бесландагы окуялар эмне үчүн трагедия менен аяктагандыгын түшүндүрүүгө тийиш” деп, Москванын катуу кыжырданусун пайда кылды.
“Алыстан туруп туура же жаңылыш чечим кабыл алынганын айтуу кыйын. Орус бийликтери кризисти сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү үчүн колунан келгенин жасашты. Бирок биз трагедияга кантип жол берилгенин билгибиз келет”, - деди Бот.

Каирде сапар менен жүргөн Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Боттун айткандарын ачулануу менен комментариялады. “Биздин приоритетибиз балдардын өмүрүн сактап калуу экенин билип туруп, мындай сөздөрдү айтуу – адамкерчиликке сыйбаган иш-аракет“, - деди Лавров.

Москвада болсо министрдин орун басары Борис Чижов Голландиянын элчисин чакыртып алып, түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Голандиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү ырастагандай, Бот Москва жаңылыш бир нерсе жасады деп айткан жок, курман болгондордун саны өтө көп болгондуктан, ал жөн гана кошумча маалымат жөнүндө сөз кылды. Орус өкмөтү анын айткандарын сын катары кабыл алды. Бирок министрдин андай ниети жок болчу.

Ирландиянын тышкы иштер министри жыйында сүйлөгөн сөзүндө азырынча орустардын коопсуздук күчтөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр бир жыйынтык жасоо эрте экенин эскертти.

Ал эми кээ бир дипломаттар белгилегендей, Латвиянын өкүлү Биримдик Бесландагы мектепти бошотуу операциясына карата катуу реакция билдириши керек деген көз карашын айтып чыкты.

Интерполдун жетекчилиги барымтачылардын эл аралык террористтер менен байланыштарын аныктоо үчүн Россияга керектүү маалымат жана жердам берилет деп билдирди.

Жакынкы Чыгыштагы ислам топторунун лидерлери да Түндүк Осетиядагы трагедияны ислам динине сыйбаган окуя катары баалашты. Атүгүл, адатта Чеченстандагы мусулман согушкерлерине колдоо билдирип жүргөн ислам фундаментталисттеринин айрымдары мындай ырайымсыздыкты актоого бара алышкан жок.

Египеттин көрүнктүү динаятчыларынын бири Шейх Мохаммед Сайед Тантави жума намазы учурунда барымтачыларды айыптап, “Балдардын эмне күнөөсү бар? Адамдарды уурдап же барымтага алгандар мусулмандар эмес, алар кылмышкерлер”, - деди.

Ишембинин кечинде болсо Италияда миңдеген үйлөрдүн терезелеринде бирден шам күйүп турду. Болониялык мугалим Алессандра Сервадори баштаган бул акция менен катардагы италиялыктар Бесланда курман болгон балдарды эскеришти.

XS
SM
MD
LG