Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

АК ТАҢДАЙЛАРДЫН АЙТЫШЫ. Эгемендик.


Бишкекте Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында эгемендик күнүнө, залкар акын Токтогулдун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө ырчылардын республикалык кароо-сынагы болуп өттү.

2001-жылдын февраль айында таанымал ишкер Садык Шер-Нияздын демөөрчүлүгү менен уюшулган республикалык "Айтыш" коомдук фондусу төкмө акындардын республикалык, эл аралык айтыштарын ар жыл сайын өткөрүп турууну салтка айландырууда. Үч жылдын ичинде "Айтыш" коому акындардын 111 чакан айтыштарын, 8 жолу республикалык жана эл аралык айтыштарды өткөрдү. Акындыкка түздөн-түз байланышкан үч көлөмдүү китепти чыгарды.

Ак таңдайлардын бул жолку өнөр жарышы Кыргызстандын эгемендик күнүнө, залкар акын Токтогулдун 140 жылдык мааракесине арналды. Ага түндүк-түштүк аймактарынан атайын тандалып алынган 15 төкмө акын катышты. Алардын көпчүлүгү төбөлөрү көрүнүп, келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш төкмөлөр. Айтыш эки айлампада өттү.

Актаңдайлардын экинчи айлампасы жөнүндө "Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы, калыстар тобунун мүчөсү Садык Шер-Нияз филармониянын чоң залында отурушкан айтыш өнөрүнүн күйөрмандарына:

- Кадырлуу айтыш өнөрүнүн сүйүүчүлөрү жана күйөрмандары! Эки күндөн бери акындарыбыз "Өнөрүң болсо өргө чап" дегендей, өнөрлөрүн чабышып, кызыл тилдерин сайратышып, бизге ырахат тартуулашты. Аларга чоң ырахмат! Эми болсо чечүүчү мезгил келип жетти. Баш байге, биринчи, экинчи, үчүнчү орундар үчүн ат салышуу башталат. Жобонун тартиби боюнча өткөн жана андан мурунку жылы баш байгени жеңип алышкан Элмирбек Иманалиев менен Жеңишбек Токтобеков калыстар тобунун чечими менен баш байгеге атсалышпайт деп чечтик.

Садык мырза түшүндүрмө сөз менен кайрылгандан кийин үчүнчү, экинчи, биринчи жана баш байге үчүн акындардын арасында ат салышуу башталды.

Сахнага экинчи, үчүнчү байге үчүн Абдылда Нуралиев менен жаш төкмө Азамат Болгонбаев чыкты. Абдылда Нуралиев өнөктөшү Азаматка:

- "Мен аскерге барган жан элем,
текшерип жаткан сен элең", деген шекилдүү саптар менен кайрылганда Азамат:

- "Калкыңа дайыма өнөрүңдүн калышы, кыргызга калды атыңыз" деп, андан ары кызыл тилин сабалатты.

Эки акындын соңунан сахнага баш байге үчүн Майра Керим кызы менен Амантай Кутманалиев чыгышты. Майра айым:

- "Айланган тоонун бүркүтү,
кайдан келдиң Амантай" - дегенде Амантай:

- "Аял заты кымбат экен,
ак калпактуу кыргыз элиндей.
Токтогул ата жаңыдан
качып келгендей" - деп, залкар акын Токтогулду эскере кызыл тилин бүлөдү.

Майра айым менен Амантай мырза айтышып бүтөөрү менен акындардын айтышы эргиттиби же убактысынын тарлыгынанбы - күтүүсүз жерден Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов сахнага өзү эле учуп чыгып, залда отургандарга кайрылды:

- Кымбаттуу фестивалдын куатышуучулары! Карындашыбыз, келинибиз Майра, урматтуу Амантай, биринчи кезекте баарыңыздарды бүгүнкү чоң улуттук майрамыңыздар менен куттуктайм. Ырамандын ырчы уулунан тарта уланып келаткан эң байыркы айтышыбыздын өтүп жатышы мени аябай кубантат. Миң жылдык айтышыбызды бүгүнкү сахнага алып, ырчылардын талантына кумарланып, ырахат алып отурабыз. Илгери Саякбай, Сагымбай аталарыбыз "Манас" айтканда угуучулар нөшөрлөгөн жаанга карабай угушчу экен. Эң бирнчи кезекте айтыш фестивалы биздин 13 жылдыгыбызга арналып өтүп жатат. Бул чоң жетишкендик!

Мамлекеттик катчы Ибраимовдун сөзүнөн кийин Элмирбек Иманалиев менен Жеңишбек Токтобеков биринчи байге үчүн күч сынашты.

Бул жолку актаңдайлардын ат салышында акын Амантай Кутманалиев "Жигули" маркасындагы машинени - баш байгени, Элмирбек, Жеңишбек, Майралар биринчи, Абдылда, Азамат экинчи, үчүнчү байгелерди жеңип алышты.

"Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин" дегендей, эки күн угуучуларга ыракат тартуулаган айтышка демөөрчү болушкан "Ачекей" көп тармактуу бирикмесине, "Градиент", "Альянс" фирмаларына күйөрмандар рахматтарын айтышты.
XS
SM
MD
LG