Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТСАЛЫШААР ОЮ ЖОК


Бакыт Аманбаев, Бишкек 6-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев пресс-конференция өткөрдү. Ал Мыйзам чыгаруу жыйынынын буга чейинки жасаган иштери жана келечектеги иш пландары тууралуу маалымат берип, журналистердин суроолоруна жооп берди. Өлкөдөгү коррупция маселесине токтолгон Эркебаев жакын арада өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси тууралуу коомчулукка ачык жарыялай тургандыгын айтты.

2003-жылдын сентябрь айынан 2004-жылдын июнь айына чейин Мыйзам чыгаруу жыйынында 234 мыйзам долбоору каралып, анын 205и кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзамдардын ичинен мамлекет башчы 174 мыйзам долбооруна кол коюп, 15 мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирүү менен кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарган.

Жайкы эс алууга чейин кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлган мыйзамдардын ичинен Абдыганы Эркебаев эң маанилүүлөрү катары «Бажы кодексин», "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамды, "Эң жогорку мамлекеттик кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке кирешесин ачыктоо тууралуу" мыйзамды жана «Эмгек кодексин» атай кетти.

Ошондой эле Абдыганы Эркебаев «Эң жогорку мамлекеттик кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке кирешесин ачык жарыялоо тууралуу мыйзамдын маанисине өзгөчө токтолуп, келечектеги парламенттик, президенттик шайлоолорго чейин өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешесин коомчулукка ачык жарыялай тургандыгын билдирди:

-«Аталган мыйзам келээрки жылдын биринчи майынан баштап күчүнө кирет», деп кабыл алынып калды. Мен аны күтпөй эле, бардыгына үлгү болуп жакын арада өзүмдүн жана үй-бүлө мүчөлөрүмдүн кирешеси тууралуу коомчулукка ачык жарыялайм. Ошондой эле бардык жогорку мамлекеттик кызматкерлерди ошого үндөйм. Кимдин ким экендигин эл билсин.

Абдыганы Эркебаев Мыйзам чыгаруу жыйынынын келечектеги иш планы тууралуу да азыноолак сөз кыла кетти. Келечекте карала турган мыйзамдардын ичинен эң талаш-тартыштуу мыйзам катары ал «Энергетика», «Кыргызгаз» жана башка статегиялык маанилүү объектерин менчиктештирүү тууралуу мыйзамдарды жана 2005-жыл үчүн республикалык бюджетти кабыл алууну атады. Ошондой эле ал өз сөзүндө «энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабын ишке ашыруудан мурда бул тармакты менчиктештирүүнүн биринчи, экинчи, үчүнчү этаптарынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн маалыматын угуу зарыл деген» депутаттарга кошула тургандыгын маалымдады.

Андан соң Эркебаев айрым журналистердин суроолоруна жооп берди. Ал 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышууга азырынча ою жоктугун, ал эми парламенттик шайлоого катышаар же катышпай тургандыгын шайлоо жакындаганда айтаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG