Премьер-министр Николай Танаевдин пикирине караганда өлкөдө социалдык-экономикалык өнүгүү бир калыпта баратат:
- Өкмөттүн башкы максаты экономикалык жана социалдык тармактын алгылыктуу жактарын сактап калуу жана андан ары күчтөндүрүү, - деди Танаев маалыматын жыйынтыктап жатып, - Бул үчүн бизде бардык негиздер бар. Бизде саясий жана социалдык туруктуулук сакталып турат. Эл аралык терроризм тарабынан түзүлгөн тышкы коркунуч жоюлду. Мамлекеттик башкаруу системасы жана мыйзамдар динамикалуу өркүндөөдө. Биздин өлкөгө инвесторлордун кызыгуусу артып, атамекендин товарларына суроо-талап жогорулоодо.
Кийинчерээк депутаттардын айрым бөлүгү суроо-жооп талкуусунда макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен чыныгы жагдайдын ортосунда олуттуу ажырым бар экенин белгилешти. Айрыкча, айыл чарбасындагы жагдай акыркы мезгилде күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттап кетиши менен кошо татаалдашып турат. Депутат Марат Султановдун айтымында, маселен, быйыл чөп аз болду, картөшкөнүн баасы он эсе түштү, шарп ылаңынан биртоп мал кырылып калды:
- Өкмөттүн цифраларын карасак, биз укмуштай сонун жашап аткандай болуп атабыз. Чындап айтканда, кээ бир жерлерде, мисалы, шаарларда баары өз убагында берилип, маяна көбөйдү. Бул чындык. Ошондуктан, баары жаман деп айтса болбойт. Бирок бир айырмасы - жакырчылык айыл менен шаар ортосунда кайра көбөйө түштү.
Депутаттар ошондой эле өкмөттү жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин, жумушсуздукту жоюу, төмөнкү айлык маянаны көтөрүү өңдүү маселелерге көңүлкош мамиле жасап жатат деп сындашты. Депутат Алымбай Султановдун пикиринде, маселен, өкмөт коррупцияга каршы жетиштүү күрөш жүргүзгөн жери жок, мыйзам аткарылбайт:
- Коррупцияга байланыштуу бир да берене боюнча кылмыш козголо элек. Кылмыш козгоп, акырына чыгардык, соттолду деген бу жерде өкүлдөр барбы? Тескерисинче, силердин бу жерде отурган өкүлдөрүңөрдүн арасында коррупция гүлдөп-өсүп атат...
Парламенттин өкмөткө жолдогон токтомдору аткарылбай жаткандыгын депутат Исмаил Исаков белгиледи. Депутат мындай токтомдордун бири катары мисалга кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыздардын Шахимардан аймагын кайтарып алуу маселесин камтыган 2002-жылдагы токтомду келтирди. Исаковдун пикирине караганда, Шахимардан кыргыздын жери, аны кайтарып алуу үчүн кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет көргөн жери жок:
- Кыргызстандын жетекчилери, президенти, премьер-министри, бизге окшогон депутаттар, коомчулук өзүбүздүн, Кыргызстандын жерин эч кимге бербейбиз, берилген жерди алабыз деген принципти биринчи орунга койсок, бардык жерлер өзүбүзгө келет эле.
Исаков көтөргөн маселеге байланыштуу берген жообунда Танаев Шахимардан боюнча Өзбекстан менен эки жылдан бери сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи:
- Өзбекстан менен талашта 76 аймак бар. Биз бүгүнкү күндө 960 чамалаш чакырым жерди кагазга түшүрдүк. Кагазга түшө элек дагы 250 чамалаш чакырым чегара тилкеси калды... Биз өзүбүздүкүнөн эч нерсе берели деген оюбуз жок. Шахимардан маселесин көтөрүп жатабыз, бул токтом бар үчүн эле эмес. Шахимардан биздин жер деген маселени эки жылдан бери көтөрүп келатабыз.
Парламент бул күнү премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрүнө суроолорун толук берип бүтө алышкан жок. Талкуу шейшембиде улана турган болду.