Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

ИРАКТЫН ӨЗ АСКЕРЛЕРИНИН РОЛУ КҮЧӨӨДӨ


Багдаддын түштүгүндөгү Латифия шаарында АКШ менен Ирактын аскерлери биргелешип иш-чара жүргүзүп, козголоңчу катары шектелген 500дөй кишини камакка алышты. Бул чабуул суннийлер басымдуулук кылган аймактагы алгачкы ири аскердик чара болду. Адистердин оюнча, бул окуя коопсуздукту чыңдоого багытталган иш-аракеттерде ирактык аскер күчтөрүнүн ролу улам жогорулап баратканын да айгинеледи.

Ок атышуулар, айыгышкан салгылашуулар жана Ирактын убактылуу өкмөтүнүн бийлигин тааныбай, ага каршы күрөшкөн деп шектелген кишилерди таап, камакка алуулар өлкөдө дагы эле улантылууда.

Өткөн айда Нежеф (Нажаф) шаарына ирактык аскерлер киргизилип, бул шаардагы коопсуздукту камсыз кылууда жаңы бурулуш башталган болчу. Эми ирактык коопсуздук күчтөрү негизинен сунний ирактыктар байырлаган Латифия шаарына да киргизилди. Бул шаардан ага коңшу Махмудиййа шаарына кеткен кан жолду көзөмөлдөп, кескилик кылган жана жолоочуларды барымтага алган козголоңчулар тобуна сокку уруу – ирактык коопсуздук күчтөрүнүн башкы мүдөөлөрүнөн болчу.

АКШ аскерлеринин колдоосу астында жүзөгө ашырылган бул иш-аракеттин натыйжасында козголоңчу катары шектелген 500дөй киши камакка алынып, олуттуу көлөмдөгү курал-жарак жана жардыргыч заттар колго түшүрүлдү.

Бул соңку окуялар өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууда жергиликтүү аскер күчтөрүнүн ролу өскөнүн айгинелөөдө.

Лондондогу Стратегиялык иликтөөлөр боюнча эл аралык институттун адиси Филип Митчелл да бул ойду ырастайт:

- Ирактын коопсуздук күчтөрү партизандарга каршы такаат кылууда улам натыйжалуураак салгылашуучу күчтүн ролун аткара алаарына, азырынча анча-мынча деңгээлде болсо да, АКШ менен анын ынтымакташтары ишене башташты.

Митчеллдин айтымында, суннийлер жашаган аймактарда колдонулган ирактык аскер күчтөрү жогорку деңгээлде машыкканын тастыктай алышты.

Буга чейин ирактык жергиликтүү жоокерлер радикал шийи диниятчысы, айатолла Муктада ас-Садрдын тарапкерлеринин Нежефтеги козголоңун басууда да иштиктүү аракет кылган. АКШ менен анын ынтымакташтарынын пикиринде, жаңы өкмөткө каршы козголоңдорду басууда жергиликтүү жоокерлер чет өлкөлүк аскерлерге караганда алда канча натыйжалуу ролду аткара алат.

Лондондук адис Филип Митчелл:

- Жер-жерлердеги шарттарды мыкты билген жергиликтүү аскерлер ар кыл шаарчаларда жана кыштактарда бул аймактарга сырттан келген чет өлкөлүк жоокерлерге салыштырмалуу кас душманга каршы иштиктүүрөөк күрөшө алат. Анын үстүнө, жергиликтүү калайык да өздөрүнүн жоокерлери партизандарга каршы салгылашып жатканын көрсө, мындай окуя көз жаздымда калбасы анык.

Митчеллдин айтымында, заманбап күрөш жүргүзө ала турган аскер күчүн калыптандыруу жарым жылдан ашуун убакытты талап кылат. Ал эми татаал технологиялык курал-жарактарды өздөштүрүү үчүн андан да узак убакыт керек дейт Митчелл.

Ал эми азыркы шартта, сырткаркы аскердик адистердин оюнча, өлкөнүн убактылуу өкмөтү коопсуздукту чыңдоо жаатында жалаң гана өз күчүнө таянбастан, АКШ менен анын ынтымакташтарынын аскер күчүнүн көмөгүн алууга да аргасыз.

XS
SM
MD
LG