Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН ЧЕЧИМИ ДЕМОКРАТИЯНЫН ТАГДЫРЫНА ТААСИР БЕРЕТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Конституциялык сот мамлекет башчысы Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катыша алабы же жокпу деген маселени кароону баштады. Конституциялык соттун судьясы козголгон иш менен тараптарды тааныштырып, сот жараяны он күндөн кийин соттун коллегиясында карала тургандыгын маалымдады.

Конституциялык соттун алгачкы отуруму өз ара баарлашуу иретинде өткөрүлдү. Сот жараянына Мыйзам чыгаруу жыйынынан өкүл катары депутат Азимбек Бекназаров, Эл өкүлдөр жыйынынан Баяман Эркинбаев, ошондой эле арыз ээси Дүйшөн Чотонов катышты. Конституциялык соттун судьясы Качыке Эсенканов тараптарды козголгон иш менен тааныштырып, Конституциялык соттун коллегиясы он күндөн кийин сот жараянын кароону баштай тургандыгын эскертти.

Белгилей кетүүчү нерсе, парламенттик, президенттик шайлоолор жакындаган сайын мамлекет башчысы Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышабы, жокпу деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселеге айланды. Ага соңку жылдары мамлекет башчысы өзү катышкан жыйындарда аны келечекте да президенттикке калтыруу демилгесинин көтөрүлүшү, ошондой эле, мындан бир нече күн илгери Аскар Акаевди бийликте калтыруу үчүн өлкөнүн Башмыйзамын өзгөртүү максатында кол топтоо жараянынын башталышы өбөлгө болууда.

Эске сала кетүүчү маалымат: Аскар Акаев 2003-жылдын февраль айына чейин келечектеги президенттик шайлоого катышпай тургандыгын бир нече курдай билдирген. Ал эми 2003-жылдагы элдик референдумдан кийин өткөрүлгөн өнөктөштүк форумунда Аскар Акаев аталган маселеге дагы бир жолу кайрылып, өлкөнүн Башмыйзамынын жаңы редакциясы анын келээрки президенттик шайлоого катышуусуна жол бербей тургандыгын кошумча билдирген:

-Өлкө Конституциясынын жаңы редакциясы менин келечекте да шайлоого катышуума жол бербейт,-деген эле Акаев.

Мамлекет башчысынын жогорудагыдай билдирүүсүнөн бери коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып келет. Айрым байкоочулар «Аскар Акаев негедир акыркы жолу келечектеги президенттик шайлоого катышпайым деп ачык айтпай, «менин шайлоого катышуума өлкөнүн Баш мыйзамынын жаңы редакциясы жол бербейт» деди, ошондуктан бул маселеге соңку чекит чындап эле Конституциялык сот тарабынан коюлат дешүүдө» байкоочулар.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов мындан бир нече ай илгери Башмыйзамдын жаңы редакциясынын негизинде Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышууга укугу барбы, деген суроо менен Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын Конституциялык түзүлүш, мыйзамдуулук комитеттерине кайрылган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети Аскар Акаев 2003-жылы кабыл алынган Башмыйзамдын жаңы редакциясынын негизинде шайлоого катышууга укугу жок деген болчу. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын тийиштүү комитети болсо Аскар Акаевдин президенттик шайлоого катышууга укугу бар деген бүтүм чыгарган.

Көп өтпөй депутат Чотонов маселени тактап берүүнү өтүнүп, Конституциялык сотко арыз жолдогон. Дүйшөн Чотонов Конституциялык сот Аскар Акаев шайлоого катышууга укугу жок деген чечим чыгарат деген ишенимде:

- Аскар Акаев буга чейин үч жолу президент болуп шайланган. Ошондуктан Конституциялык сот «Аскар Акаев шайлоого катыша албайт» деген чечим чыгарат деп ойлойм.

Айрым байкоочулардын пикиринде, чындыгында эле бул жолу Конституциялык сот Аскар Акаев келээрки шайлоого катыша албайт деген бүтүм чыгарышы толук ыктымал. Анткени Аскар Акаев буга чейин бир жолу, тагыраак айтканда, 2000-жылы Конституциялык соттун чечиминин негизинде президенттик шайлоого катышкан. «Ошондуктан, Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катыша турган ою болсо, бул жолу Конституциялык соттун чечими менен эмес, Башмыйзамды дагы бир жолу өзгөртүү жолу менен барат» дешет саясатчылар.

XS
SM
MD
LG