Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

БОТ СӨЗҮН ОҢДОДУ


Евросоюздун тышкы иштер министрлери өткөн жума күнү Бесландагы барымта касиретине байланыштуу Россияга толук колдоо билдиришти. Буга карабай биримдиктин азыркы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри Бернард Боттун Москвадан кошумча маалымат талап кылган мурдагы сөздөрүнөн улам тутанган өгөй-татай кептердин дипломатиялык кээси тарай элек. Ал эми Россиянын өзүндө бир катар партиялар өлкөнүн коопсуздук министрлеринин, атүгүл жалпы жетекчиликтин отставкасын талап кылышты.

Нидерланд тышкы иштер министри Бернард Боттун сөздөрүн Москвада сээрге сайгандай секирип кабыл алышты. Ошо күнү Ливанда жүргөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Амстердамдан чыккан апазды “кекирейген” кекээр деп баалады. Экинчи бир орус дипломаты андан да ары кетти. Натыйжада Бот эртеси мурдагы билдирүүсүн түздөп, орус бийликтеринин атына эч кандай деле осол сөз айтпаганын, терроризмге каршы күрөштө ийгиликтүү кызматташуу үчүн Бесланда болгон окуя тууралуу кең-кесири маалыматтарды билсек деген гана оюн орто салганын белгиледи.

Брюсселде муну анын башкы өкүлү Рейжо Кемппинен да бышыктап, Боттун сөздөрүн французча түшүндүрдү жана кимдир бирөөлөр аны натуура которуп салгандыгына өкүндү. Террордун ар кандай түрүн биз толук жана айныксыз түрдө айыптайбыз, деп айтты ал. Бесландагы кыянат үчүн, Кемппинендин айтымында, аны жасагандардан башка ким бирөөнү күнөөлөшкө болбойт.

Бесландагы барымта касиретинде набыт кеткендердин саны өтө көп болгондуктан иштин чоо-жайы жөнүндө кеңири кабардар болгусу келгендигин европалык башка өкүлдөр, анын ичинде Финляндиянын тышкы иштер министри да белгиледи.

Еврокомиссиянын экинчи бир өкүлү Эмма Удвин Бесландагы окуя үчүн жоопкерчиликти толугу менен жаш балдарды барымтага алгандарга жүктөп, Россия аза күтүп жаткан тушта иштин майда-баратына кызыгып, маалымат талап отурган осол болорун эске салды. Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди болсо Бесландагы окуялар жөнүндө бир жаңсыл тыянак жасаганга мүмкүн эместигин, ошол эле учурда россиялык бийликтердин аракеттеринде күдүктөнткөн айрым жагдайдар да бар экенин белгиледи.

Ал эми Россиянын өзүндө көпчүлүк саясий бирикмелер, атап айтканда, оңчул күчтөрдүн союзу, коммунисттер, ”Яблоко” жана “Родина” партиялары өкмөттү, өзгөчө өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкер министрлерди, атүгүл жалпы жетекчиликтин бийликтен кетишин талап кылышты. Аларга ЛДПР жана “Единая Россия” гана кошулган жок.

Жалпы Европада коомчулук жана ырасмий мекемелер Россияга тилектештик билдирүүдө. Римде миңдеген адамдар жүрүш жасашты, Польшада бардык мектептерде бир мүнөт аза күтүштү. Брюсселдин өзүндө Еврокомиссиянын мүчөлөрү, Страсбургда Еврокеңештин депутаттары да курман болгондордун арбайын эскеришти. Европанын көптөгөн өлкөлөрүнөн Бесланга медициналык жардамдар келип жатат.

XS
SM
MD
LG