Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

МУНАЙ ДА КООПСУЗДУККА МУКТАЖ


Ирактагы мунай куурлары дээрлик күн сайын ар кандай чабуулдарга туш болуп жаткандыктан, эксперттер өлкөнүн башкы байлыгынан түшчү киреше кыйла азайарын айтышууда. Бул – Иракты калыбына келтирүү иштери да солгундайт дегенге барабар. Бирок жергиликтүү башкаруучулар азыр болбосо, кийин акыры мунай ирактыктарды акчага маарытат деп ишенишет.

Шаршембиде Ирактын түндүгүндөгү эң маанилүү Киркук-Жейхан мунай куурунда жардыруу болду. Жума күнү түштүктөгү Басра шаарынын чет жагында экинчи маанидеги мунай кууру жарылып, өрт каптагандыктан, бул багыттагы карай май экспорту да убактылуу токтотулду.


Ага чейин Иракта радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садрдын согушкерлери дээрлик бир айга созулган козголоңдорун токтотпой, өлкөнүн мунай өндүрүшүнө чоң зыян келтиришкен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, август айында орто эсеп менен Ирактын мунай соодасы бир күндө 24 млн. доллардан ашыгыраак сумманы түздү. Андан мурунку июль айында маселен, Ирак күнүнө 47 млн. долларга жакын акчага чийки мунай сатып турган. Башкача айтканда, согушка чейин Ирак күнүнө 2,5 млн. баррел мунай сатса, өткөн айда орто эсеп менен бир күндө 1 млн. баррел экспорттоду. Ошентсе да, Америка менен Ирактын өкүлдөрү мунай экспортунун келечегине чоң үмүт артышат.


Ирактын мунай министринин кеңешчиси Норм Зыдловаски азыркы тапта кара майдын экспорту бир аз төмөндөй түшкөнү менен, өкмөт жакын арада анын көлөмүн кеңейтүүнү пландаштырып жатканын айтат:

- Бүткүл системанын түзүлүшүн өзгөртүү керек, кептин баары ошол системада. Мунай куурлары, кара майды топтоо кампалары, аларды кийин ташып кетчү чоң кемелер – ушул түйүндөрдө айрым нерселерди оңдоо зарыл. Мисалы, кээде кеме кечигип калат, кампалар эскирген, оңдоого муктаж.


Ошентсе да, ирактыктар келечекке чоң ишенич артып жаткан мунай экспортунун кыйла төмөндөшүнө биринчи кезекте коопсуздук жагдайы кедергисин тийгизип жатканы айкын. Андыктан, Ирактын утурумдук өкмөтү ушу тапта маанилүү мунай куурлары менен башкы экспорттук тармакты тейлеген ишканаларды кайтара турган атайын 14000ден турган аскердик бөлүк түзүлүп жатканын билдирди.


Ырасми Багдад жана АКШ жетекчилиги Ирактын мунай экспортун келерки жылдан тарта күнүнө 3 млн. баррелге, 2010-жылдан тарта 5 млн. баррелге жеткирүүнү пландаштырып койгон. Адистер ал үчүн адегенде согуштан жапа чеккен өлкөнүн мунай жабдыктарын жаңыртууга жүз миллиондогон долларлар жумшалышы керек деген пикирде.


Утурумдук өкмөткө чейин Иракта бийлик жүргүзгөн Америка башкарган коалициялык администрацияда мунай министри болуп иштеген Бахрул Улом АКШ эң башында мунай тармагын калыбына келтирүүгө 1 млрд. долларлык каражат бөлүүнү убада кылып, азыркыга дейре анын жарымы гана колго тийгенин айтат. Багдаддын өкүлдөрү өлкөнүн экономикасын бутуна тургузууга газ кендерин өнүктүрүү да чоң өбөлгө болмок деген сунушун кайталап келатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG