Түндүк Осетиядагы Беслан шаарында орун алган террордук актынын курмандыгы болгон бейкүнөө адамдарды эскерүү жыйынына Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын, саясий партиялардын, бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Адегенде жыйындын катышуучулары Бесландагы окуядан курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти. Жыйындын уюштуруучулардын бири - «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын» төрагасы Турсунбек Акун анын максаты жөнүндө мындай деди:
- Бул акциянын максаты – Бесландагы трагедияда курман болгон адамдарды эскерүү. Биз ушундай кыйынчылык күндөрү Орусия менен бирге экенибизди билдирүү. Президент Владимир Путинге, Орусиянын элине көңүл айтуу. Бесландагы трагедияга карата өз пикирибизди билдирүү. Ал эми биздин позициябыз – террорчулуктун кандай түрү болбосун – аны айыптайбыз, - деди Т.Акун.
«Акыл-эс, рух, ыйман» коомдук уюмунун төрагасы Дүйшөн Абдылдаев Бесландагы окуялардын себептерине байланыштуу:
- Библияда бир өлкөдө эки падыша болсо, алар бири бири менен согушат деп айтылган жери бар. Ансыңар, Бесландагы окуя Чеченстанда мыйзамдуу президент деп эсептелген Аслан Масхадовдун тарапкерлеринин нааразылыктарынын натыйжасы да болушу ыктымал. Бирок бул глобалдык саясатты жүргүзүүгө умтулган эл аралык террордук топтор тарабынан да жасалышы ыктымал. Ошондуктан, Чеченстандын азыркы президенти Алу Алханов, Аслан Масхадов, Орусиянын өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек, - деген пикирин билдирди Д.Абдылдаев.
Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Бесландагы трагедия кыргызстандыктардын жүрөгүн сыздаткандыгы жөнүндө:
- Бул окуя жеке менин эмес, бүткүл кыргызстандыктардын, өзгөчө аялзатынын кабыргасын кайыштырган окуя болду. Мына бир аптадан бери биздин жүрөгүбүз сыздап турат. Менин кааларым мындай окуялар Орусияда да, башка жерлерде да эч качан болбосун. Ал эми ислам динине жамынып алып, ушундай ырайымсыз кылмышка баргандар – мусулмандар эмес. Аларды динге ишенет деп айтууга болбойт, - деди А.Абдрасулова.
Ошону менен бирге жыйындын катышуучулары тарабынан Россиянын Түндүк Кавказдагы саясатына карата сын-пикирлер да айтылды. Бул жөнүндө «Кыргыз элдик-патриоттук кыймылынын» төрага орун басары Нурлан Мотуев мындай пикирин ортого салды:
- Чеченстандагы кризисти бул аймактан орус аскерлерин чыгарып кетмейинче токтотууга мүмкүн эмес. Орусия Кавказдагы саясатын өзгөртүүгө тийиш.
Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын өкүлү Шамшидин Абдрахимовдун пикири төмөнкүдөй болду:
- Чеченстанда болуп жаткан жараяндарды боштондук үчүн күрөш деп айтсак болот. Бул кризисти чечен элинин кызыкчылыгын эске алмайынча чечүү мүмкүн эмес.
Жыйында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Валерий Шагеев анын катышуучуларына ыраазылыгын билдирди:
- Албетте Бесланда болгон окуя чоң трагедия. Мен сиздерге бул окуяга байланыштуу атайын чогулуп, көңүл айтканыңыздар үчүн дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем,- деген Валерий Шагеев ошону менен бирге жыйындын айрым катышуучулары тарабынан Орусиянын Кавказдагы саясатына карата айтылган сын-пикирлерине байланыштуу мындай деди:
- Албетте, бул жерде Орусиянын саясий багыты, өлкөдө эмне кылуу керек деген маселелер боюнча пикирлердин айтылышы туура эмес болду. Биз өзүбүздүн маселелерибизди жакшы билебиз. Аларды чечүүнүн аракеттерин көрүп жатабыз. Мындан ары өлкөдөгү коопсуздук чаралар күчөтүлөт деп күтүлүүдө. Биз терроризмге каршы туруштук бере алабыз. Бирок да, террордук актар болбойт деп айтуу мумкүн эмес.
Жыйындын соңунда анын катышуучулары Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда Путинге жана Орусиянын калкына Бесландагы трагедиялуу окуяга байланыштуу көңүл айтуу менен бирге айрым сунуштар айтылган. Бул жөнүндө укук коргоочу Турсунбек Акун:
- Биздин сунушубуз ушундай: Орусиянын бийлиги Аслан Масхадов менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Масхадовду 1996-жылы чечен эли мыйзамдуу түрдө президенттикке шайлап алган. Ошондуктан, ал Чечен жумуриятынын реалдуу күчкө ээ президенти болуп эсептелет. Аслан Масхадов менен суйлөшүүлөр жүргүзүлмөйүнчө, чечен маселесин чечүү мүмкүн эмес, - дейт Т.Акун.
Бесландагы террордук акттан курман болгондорду эскерүү жыйынынан кийин анын катышуучулары Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, терроризмди айыптаган пикирлерин атайын китепчеге түшүрүштү.