АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ричард Баучер Вашингтон Россия менен сепаратисттик Чеченстан ортосундагы жаңжалга карата өз позициясын өзгөрткөн жок деп билдирди. Баучер шейшембиде кабарчыларга ырастагандай, АКШ жумурияттагы кан төгүүлөрдү саясий жол менен эле токтотуу мүмкүн деп эсептейт.
Анын алдында Путин Кошмо Шттатарын жана Британияны чечен сепаратисттери менен алакалары үчүн сындаган эле. Жогоруда айтылгандай, Ильяс Ахмадов Америкада жүрсө, Масхадовдун жардамчысы Ахмед Закаев Лондондо баш калка тапкан.
“Вашингтон терроризмге малынган адамдар менен жолукпайт, бирок биздин саясатка ылайык, ар кандай көз караштарды карманган саясатчылар менен сүйлөшүүлөргө бара алабыз” , - деп белгиледи Баучер. Москванын каршылыгына карабай, АКШ администрациясы байистүү чечен сепаратисттери менен жолугушууну каалайт.
Мамкатчы Коллин Пауэлл болсо Путиндин сөздөрүн мындайча комментариялады:
- Менимче, президент Путин чечендердин Мамлекеттик департаментке бирин-серин визиттери жөнүндө кеп кылды. Биз региондогу кырдаал жөнүндө кабардар болуп туруу үчүн бир нече жыл мурун алар менен жолугушканбыз.
АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд орус элине көңүл айтып, өз тилектештигин билдирди:
- Биз өткөн жумада күбө болгон окуялар террористтер эң экстремисттик чараларга барууну ниет кылганын, ага барып жаткандыгын жакшы көрсөттү. Бул - экстремисттер менен эркин жашоону каалаган адамдар ортосундагы глобалдуу күрөш.
Аны менен бирге министр, Бесландагы барымтага “Ал-Кайиданын” тиешеси бар экенидигин далилдеген фактылар жок деп кошумчалады.
Кээ бир америкалык саясатчылар болсо Беслан трагедиясы АКШ үчүн да жакшы сабак болушу керек дешүүдө. Коопсуздук министри Том Риж мектептердеги коопсуздукту күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 11-сентябрга чейин эле АКШнын окуу жайларында курал колдонуу фактылары катталып жүргөн.
- Мухиддин ары жагында болгон окуялардан, алар мектепте, ооруканада же башка жерде болобу, биз сабак алышыбыз керек, - деди Том Риж.