Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТТҮН МААЛЫМАТЫН ТАЛКУУЛООНУ АЯКТАДЫ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча өкмөттүн маалыматы боюнча талкууну улантты. Депутаттар өз сөздөрүндө өлкөдө турукташуунун белгилери бар экенин айтуу менен, жер-жерлерде чечилбей жаткан маселелер арбындыгын санап өтүштү.

Мыйзам чыгаруу жыйыны күзгү сессиясын өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча премьер-министр Николай Танаевдин маалыматын угуудан баштаган. Өкмөт башчы макроэкономикалык турукташуу орун алып, Ички дүң продукты өткөн жылга салыштырмалуу 8,6%, ал эми тышкы инвестиция болсо 51% өскөнүн билдирген.

Депутаттар бүгүнкү сөздөрүндө экономикалык өсүштүн бар экендигин, инфляциянын төмөндүгүн белгилешип, бирок статистикалык маалыматтар чыныгы турмушту чагылдырбайт, деген ойду билдиришти. Маселен, депутат Николай Байло мындай мисалдарды келтирди:

-Өкмөттүн маалыматын угуп, кээ бир алгылыктуу нерселер бардыгын моюнга алуу керек. Бирок күмөн туудурган учурлар арбын. Маселен, сом туруктуу, инфляция төмөн дешүүдө. Бул көрсөткүчтөр чет өлкөдөн келген жардамдын жана биздин элдин айлык акысынын, кирешесинин өтө аздыгынан ушундай абалда турат. Муну жеңиш катары баалаш туура эмес. Өнөр жайында - реалдуу сектордо өкмөттүн иши байкалбайт. Өкмөт мыйзамсыз ишке барып, Кумтөрдү сатты. Эми Кадамжай сурьма комбинатын да ошентип сатканы калдыңар.

Депутат Азимбек Бекназаров өкмөттүн сөзү менен иши дал келбей жатканын белгиледи:

- Бул өкмөт сан жана статистика жагынан мурдагы өкмөттөрдөн айырмаланат. Телекөрсөтүү аркылуу маалымат согушун жүргүзүүдө алдына ат салдырбай келатат. Аксыда жүргөн учурда да министрлер "баары жакшы, баары берилип жатат", деп телекөрсөтүү аркылуу айтып жатты. Эртеси күнү шайлоочулар “эмне үчүн калп айтып жатышат” деп бизден сурашууда. Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки фактыны келтирейин. Мына Акcыда Актерек деген канал курулмак болгон. 2003-жылы референдум алдында айыл чарба министри, губернатор баш болуп барып, курулуш башталды деп, лентасын кыркып келген. Туура, урматтуу министр. Бирок азырга чейин эч нерсе баштала элек.

Депутаттар Закир Шарапов, Самат Бөрүбаевдер жер-жерлердеги маселелер боюнча сөз сүйлөдү. Мындай маанайдагы сөздөргө карата депутат Зайнидин Курманов парламентте мамлекеттик масштабтагы маселелерди кароо туура болорун, ал эми жер-жерлердеги маселелерди жергиликтүү бийлик чечиш керек деген пикирин билдирди. Зайнидин Курманов азыркы өсүшкө Амангелди Муралиевдин жана Курманбек Бакиевдин өкмөттөрүнүн да үлүшү бар экенин белгилеп, энергетика тармагын реформалоону улантууну өкмөттөн сурады.

Ушуну менен депутаттар бул маселе боюнча сөз сүйлөөнү аякташты. Аларды бул күнү биринчи вице- премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү укту.

Эми депуттар тарабынан айтылган сын-сунуштар жана элден түшкөн арыздарды эске алуу менен парламент жакынкы жыйындарынын биринде каралган маселе боюнча өз токтомун кабыл алат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG