БИШКЕК. Кыргызстанда жакында өтө турган жергиликтүү шайлоолорго талапкерлерди каттоо 16-сентябрда аяктайт. Жалпысынан жергиликтүү кенештерге 6624 депутат шайланууга тийиш. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2572 талапкер катталды. Республикада 1942 шайлоо бекеттери түзүлдү. Аларда 17 миң адам иштөөдө. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Сулайман Иманбаев өкмөт үйүндө өткөн жыйында маалымдады. Ал эми шайлоо комиссияларын түзүүгө өлкөдөгү 42 саясий партиянын ичинен 8 партия, тактап айтканда, «Алга, Кыргызстан», «Адилет», «Жаңы күч» партиялары, ошондой эле «Курулушчулар», «Элет», КДК, Социал-демократиялык, «Менин өлкөм» партиялары катышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы билдиргендей, азырынча шайлоо бекеттеринде айнек үкөктөрү даярдала элек жана бул иштерге 65 миң АКШ доллары талап кылынууда.