Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ДЕПУТАТ БОЛУУНУ КААЛАГАНДАР АЗ


Шайлоо улуттук жана эларалык көзөмөл астында өтөт деген пикирин бүгүн Аскар Акаев шайлоо өнөктүгүнө даярдыктарга байланыштуу болгон жыйында билдирди. Өкмөт үйүндө өткөн бул жыйынга облустук, райондук жана жергиликтүү бийликтердин, тартип коргоо кызматтарынын, шайлоо комиссияларынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин жыйында берген маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештерге шайлоону «Шайлоо кодексинин» чегинде, демократиялык негизде, жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу өткөрүү үчүн камылгалар өз деңгээлинде көрүлүп жатат.

Башкача айтканда, эларалык стандартка ылайык үч тараптуу кабина орнотуу, айнек үкөк коюу иштери жолго коюлуп калды. Бирок жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди сунуштоо өтө жай темп менен жүрүп жатат. «7-сентябрга карата жергиликтүү кеңештерге 6624 депутаттык мандат үчүн болгону 2572 талапкер катталды. Округдардын жарымы талапкерлерин көрсөтө элек», деди Иманбаев:

- Талапкерлерди сунуштоо өтө жансыз жүрүп жатат. Менимче, бул жерде катышып отурган тийиштүү жергиликтүү органдар бул проблема боюнча өтө дыкат иштеши керек. Болгону беш күн калды.

Төраганын мындай маалыматын жыйында президент Аскар Акаев тынчсыздана турган жагдай катары баалап, бийлик өкүлдөрүн шайлоонун атаандаштык негизде өтүшүн камсыздоого чакырды:

- Алдыдагы шайлоо өнөктүгү өлкөнүн өнүгүшүндө жаңы баскычты, биздин тарыхтын жаңы саясий барагын ачууга жөндөмдүү. Биз алдыдагы шайлоо он жыл мурда башталган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча түйшүктүү иштин жыйынтыктарын бекемдейт деп күтүп атабыз.

Шайлоого талапкерлердин аз катталып жатышынын бир себебин Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси Валентин Богатырев шайлоого талапкер милдеттүү төлөй турган күрөө менен байланыштырды:

- Проблемалардын бири - шайлоого төлөй турган күрөө. Белгиленген 1000 сом көптөрү үчүн чоң каражат. Бул маселени чечүүнү ойлонуш керек. Акчаны таап, демилгечи адамдардын шайлоого катышуусуна кандайдыр бир жардам берүү керек.

Мындай кайрылуулар жана демилгелер депутаттыкка талапкерлерге мамлекеттин материалдык колдоо көрсөтүшүн шартташы ыктымал деген көз караштар да жыйындан кийин пайда болду. Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов мамлекеттик каражат талапкер үчүн чыгымдалган шартта мыйзам бузулат дейт:

- Талапкерлерди активдүү көрсөткүлө дагы, аларга колдоо көрсөткүлө деген пикир айтылды. Мындай кайрылуулар бизге коркунуч туудурат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого саясий партиялардын бошоң катышып жатышы жыйында козголгон дагы бир олуттуу маселелердин бири болду. БШК төрагасынын билдиришинче, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жараянына юстиция министрлигинде каттоодо турган 42 саясий партиянын болгону 8 партиясы катышып жатат. 10-октябрдагы шайлоону парламенттик шайлоого даярдык катары баалаган президент бул факт Конституциянын жаңы редакциясы тарабынан түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн саясий партиялардын жетиштүү пайдалана албай жатышынын бир далили катары белгиледи.

Акаев жетекчилерди шайлоо жараянында демократиялык негиздерге таянган улуттук мыйзамдарды бекем сактоого чакырды. Ал эми жеке кызыкчылыктар үчүн эл ичине бүлүк салгандарга чечкиндүү сокку уруу керек деп эсептеди:

- Шайлоону социалдык туруктуулукту жана коомчулуктун биримдигин бошоңдотууга пайдалануу, чыр-чатактарды күчөтүү, саясий жактан эсептешүү, жок жерден тескери маанайды түзүү аракеттерине да чечкиндүү сокку уруу керек.

Акаевдин билдиргенине караганда, Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү улуттук жана эл аралык көзөмөлдүн астында өтүшү керек:

- Мындай көзөмөл ар кандай жардыктарды тагуу, көө сүртүү, 2000-жылдагыдай биздин өлкө жөнүндө жалган имидж түзүү эмес, чынчыл жана ачык шайлоону ыңгайлаштыруу, ага акыйкат баасын берүү максатын көздөйт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG