Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАЛАПКЕРЛЕР АЗ?


10-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык боюнча маалымат берди. Анда талапкерлердин саны аз болуп жаткандыгы жана шайлоочулар тизмесин түзүүдө кыйынчылыктар бар экендиги белгиленди.

Сулайман Иманбаевди депутаттар өкмөт башчы Николай Танаевдин маалыматына чейин угууну каалашкан. Бирок социалдык-экономикалык кырдаал көпчүлүктү кызыктырып, бул маселе кийинкиге калтырылган эле.

Ошентип Борборшайлооком төрагасы 10-сентябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык тууралуу депутаттарга маалымат берди. Анын айтымында, жакынкы күндөрдө 17 миң мүчөсү бар шайлоо комиссиялары түзүлүп бүтөт. Байкоочуларды даярдоонун бирдиктүү программасы да түзүлдү. Кыйынчылыктар тууралуу Сулайман Иманбаев буларды билдирди:

- Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө кыйынчылыктар көп. Бул ички-тышкы миграцияга байланыштуу.

Анын айтымында, учурда 2 миллион 585 миң шайлоочу тизмеде катталган. Ал турган жеринен каттоодон чыкпастан, жакынкы-алыскы чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз шайлоого катыша албайт. Ал эми чет өлкөлөрдөгү элчилик жана консулдуктарда катталган атуулдар өз добушун бере алат.
Айрым депутаттар жергиликтүү шайлоо комиссияларын түзүүдө Шайлоо кодексинин талаптары аткарылган жок деген пикирин билдирди. Маселен Азимбек Бекназаров:

- Шайлоо комиссиялары кодексте белгиленген тартип менен эмес, сиздин нускоолор менен түзүлүп жатат. Маселен, Аксы районунда БШКнын нускоосуна байланыштуу бир да саясий партиянын өкүлү шайлоо комиссиясына кирбей калды.

Бирок ага карата Сулайман Иманбаев, негизги максаты шайлоого катышуу болгон саясий партиялар өздөрү активдүүлүктү көрсөтпөй, өз убагындай талапкерлерин сунуштабай калды, деп жооп берди. Иманбаевдин маалыматы боюнча, өлкөдө катталган 42 партиянын сегизи гана шайлоо комиссияларына өз мүчөлөрүн өткөрө алды.

Мыйзам чыгаруучуларды жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн солгун жүрүп жаткандыгы да тынчсыздандырды. Ишенбай Кадырбеков талапкерлердин активдүүлүгүнө бир миң сом күрөө коюу милдети тоскоол болуп жатат деп, аны алып салууну сунуштады:

- Жергиликтүү кеңештерге талапкерлер аз көрсөтүлүүдө. Бир миң сом күрөө коюу тоскоол болуп жатат окшойт. Ошондуктан ошол берене кийинки шайлоодо күчүнө кирет деп, мыйзамды президент менен макулдашып өзгөртө койсок болбойбу?.

Бирок Сулайман Иманбаев 15-сентябрда каттоо бүтөт, ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө убакыт жок, деп жооп берди. Андан сырткары депутаттар жаңы Шайлоо кодексинин элге, талапкерлерге жетпей жатканын, аны ачык саттыкка чыгарууну сунуштаinы.

Бирок БШК төрагасы кодекс 8 миң нускада чыгарылып таратылганын, андан башка чыгарууга, саттыкка коюуга мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи. Депутат Алымбай Султанов "министрлер бийлигин пайдаланып, жер-жерлерде шайлоого ачыктан ачык даярданып жатат" деди эле, “силер да элге барып даярданып жатпайсыңарбы” деген жооп болду.

Жыйынтыгында телекөрсөтүү жана радиоуктуруу аркылуу Шайлоо кодексинин жоболору элге жеткирилиш керек деген пикир көпчүлүктүн колдоосун таап, БШК бул ишке жакындан тарта киришмек болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG