Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:43

"АЛГА, КЫРГЫЗСТАН" БИЙЛИКТИН ПАРТИЯСЫБЫ?


11-сентябрда Токтогул атындагы филармонияда “Алга, Кыргызстан” партиясынын экинчи курултайы өттү. Ага жер-жерлерден келген 495 делегат катышты. Курултайда партиянын бир жыл ичинде жалпы улуттук масштабдагы саясий партияга айланганы белгиленди.

Курултайдын ачылышында партиянын түзүлүү тарыхы тууралуу маалымат берилди. Ага караганда, “Алга, Кыргызстан” партиясынын башаты “Жаңы Заман” партиясынын 2003-жылы март айында уюшулушу менен башталып, андан кийин төрт партия - "Жаңы кыймыл”, “Манас эл”, “Кооператорлор партиясы” жана Кыргызстан экономикалык биримдик партиясы биригип “Алга, Кыргызстан” партиясын түзүшкөн.

Партиянын калыптануу жолу баяндалган соң өлкөнүн гимни ойнолуп, экинчи курултай ачылды. Президиумга 9 адам шайланып, курултайдын күн тартибине киргизилген 6 маселе бекитилди.

Адегенде, биринчи маселе боюнча партиянын саясий кеңешинин төрайымы Татьяна Макарова чыгып сүйлөдү. Ал бир жылдын ичинде партия калкка кеңири таанылууга жетишип, өлкөдөгү олуттуу саясий күчкө айланганын билдирди. Аны менен кошо ал кемчиликтер тууралуу да өз оюн айтты:

- Жаштар менен иштөө начар жүрүп жатат. Аларды катарыбызга тартуу үчүн партиянын жаштар бөлүмүн түзүү максатка ылайыктуу. Партияга алгачкы учурда күч менен мүчөлүккө киргизүү да орун алган. Биз андайга жол бербешибиз керек. Биздин партияда кокусунан келген адамдар болбош керек. Региондордо алсызбыз. Ошондуктан бул багытта ишти күчөтүшүбүз зарыл. Партиянын учурда 8704 мүчөсү, өлкөнүн бардык региондорунда бөлүмдөрү, баштапкы уюмдары бар.

“Алга, Кыргызстан” партиясынын алдыга койгон максаттары тууралуу партиянын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Рустам Нурматов маалымат берди. Анын айтымында, партиянын максаты туруктуу Кыргызстанды куруу, ишкерлерге шарт түзүү, салыктарды төмөндөтүү. Бул максаттар алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишүү аркылуу ишке ашырылат, деп белгиледи Рустам Нурматов.

Андан кийин партиянын региондордон келген делегаттарына сөз берилди. Жалалабад облусунан келген Сүйүнтбек Шүкүрбаев элди оппозицияга кошулбоого чакыруудан сөз баштап, буларга токтолду:

- Партия деген топтор элди сасык тумоодой каптап, эл каягына барарын, эмне кылаарын билбей, алдастап турган убакта төрт партиянын “Алга, Кыргызстан” партиясына биригиши партия дегенге элдин үмүтүн жандандырды.

Жалалабаддык делегаттан кийин өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев чыгып сүйлөп, эл ичинде түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл деген ойду белгиледи:

- Биз өзүбүздүн идеологиябыздан сырткары реформанын негизинде бүгүнкү күндө жетишкен ийгиликтерди 900 баштапкы уюмдун мүчөлөрү жер-жерлерде түшүндүрүп жүрүш керек.

Ал жеңил автоунаанын көбөйүшү, кымбат баалуу буюм алуучулардын катарынын арбышы, ондогон Жогорку окуу жайларда эл миңдеген балдарын контрактык негизде окутуп жатышы - калктын турмушунун жакшырганынын белгиси деп атады. Оппозицияны болсо - "биздин эл аларды илгертен эле "бузукулар" деп атап келген", деп сыпаттады.

“Алга, Кыргызстан” партиясынынын курултайында “Адилет” партиясынын теңтөрагаларынын бири, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев сөз сүйлөдү:

- Силердин “Алга, Кыргызстан” партияңар өткөн жылы өлкөнүн саясий айдыңына чыккан. Бирок кыска мөөнөт ичинде партия жалпы элге белгилүү болуп калды. Партиянын гуманитардык акциялары, медициналык бекер жардамдары, социалдык долбоорлору, спорттук оюн-зоокторду уюштуруусу - жалпы элдин колдоосуна татып, түшүнүүсүн тапты. Биз алдыдагы саясий күрөштө силерге ийгилик каалайбыз.

“Алга, Кыргызстан” партиясынын кыска мөөнөттө калкка таанымал болуш себеби тууралуу ар кандай пикирлер арбын. Маселен, бул тууралуу борборчул “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев минтет:

- Бул президенттик партия болгондон кийин каражат да, администрация да жардам берет. Ушул эки чоң фактор бар. Келечекте болсо парламенттик шайлоодо убада кылынган 62% утуп алса, андан кийин бул партиянын кажети деле жок болуп калат.

Ал эми оппозициялык маанайдагы “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай пикирин билдирди:

- Бул биринчи кезекте президенттин үйбүлөсү түзгөн партия. Бүт кошоматчылар. Ошол партияга губернаторлор, министрлер кирип, арыгын чаап жүрөт. Ал партиянын эсеп-кысабына мамлекеттик уюмдардан, башка бизнес структуралардан эбегейсиз көп акча жыйналууда. Менин оюмча, үч-төрт миллион доллар жыйналып, ар бир округдан өз кандидаттарына 50 миңден 100 миң долларга чейин акча беребиз деп турушат. Алардын планы боюнча 75 округдан 75 талапкер чыгарышы керек. Бул бүгүнкү бийликтин өмүрүн улантууга аракет кылган саясий партия. Алардын күчү азыркы бийлик турганда гана. Эртең бул бийлик жок болору менен анын мүчөлөрү туш тарапка качып кетет.

Текебаевдин пикиринде, административдик ресурстун, өкмөттүк, “үйбүлөгө” таандык маалымат каражаттарынын үгүтүнүн күчү менен “Алга, Кыргызстан” Бишкек шаардык кеңешине көпчүлүк депутаттык орунду жеңип алышы ыктымал. Бирок Жогорку Кеңешке шайлоодо - ал жеңишти кайталоо татаал болот.

“Алга, Кыргызстандын” курултайына өкмөт мүчөлөрү, президенттик администрациянын жетекчилери, губернаторлор, акимдер катышты. Курултайдын соңунда партия атынан жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди. Ага ылайык партия атынан жумуруят боюнча 2 миңден ашык, анын ичинде Бишкек шаардык кеңеши үчүн 41 талапкер аталды. Андан сырткары партия уставына ылайык саясий кеңешти жетектөө Татьяна Макаровадан Рустам Нурматовго жүктөлдү. Эми ал келечектеги алты ай ичинде партияны жетектейт.

Курултайдын соңунда делегаттар үчүн концерт коюлду. Ал эми партиянын үчүнчү курултайы Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында, жыл соңунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG