Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Түркмөнбашы кыргызчага которулду


ОШ. Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов жазган бул китептин бет ачаар салтанатында сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү китептин мазмунун "Манас" эпосундагы идеялык баалуулуктар менен окшоштурушту. Шаар мэри Сатыбалды Чырмашев китепти Борбор Азия элдери үчүн рухий жаңылануунун, улуттук өзүн өзү таануунун үлгүсүн берген улуу эмгек катары баалады. Бет ачарга атайын чакырылган Түркмөнстандын Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Султанбек Бирмухаммедов түркмөн экономикасындагы ургалдуу жетишкендиктер тууралуу узун сабак сөз сүйлөдү. Китептин өзгөчөлүгүн элчи мырза түркмөн эли үчүн идеялдык башат болуп берген күчү менен байланыштырарын белгилеп өттү. Айта кетүүчү жагдай "Рухнаама" буга чейин дүйнөнүн 25 тилине которулган. Кыргызча котормосу жакында Бишкек шаарында 3 миң нуска менен жарык көрдү. Аны Жумалы Бадиров кыргызчалады.

Китептин 257-бетинде "Көз каранды эмес бейтарап Түркмөнстан - демократиялык, улуттук жана атуулдук мамлекет" деп жазылган.

XS
SM
MD
LG