Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

11-СЕНТЯБРЬ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН КӨЗ-КАРАШЫНДА


Кошмо Штаттарындагы дүйнөлүк соода уюмунун имараттарына «Ал-Каида» тарабынан сокку урулганына туура 3 жыл толду. Бул калабага байланыштуу 11-сентябрда антитеррордук коалициянын Ганси аваибазасында трагедиянын курмандыктары эскерилди. Карапайым кыргызстандыктар болсо 11-сентябрдан кийин дүйнөдө террорго каршы жапа тырмак күрөштөр башталганы менен жаатташуу күчөп, террор улам бир жаңы ташпиштерди жаратып жатканын айтышат.

«Манас» аэропортуна ирегелеш жайгашкан Ганси атындагы авиабаза АКШ баштаган антитеррордук коалициянын Ооганстандагы талибдерге жана алар колдоого алып, калкалап келген Усама бен Ладендин тарапкерлерине каршы күрөштү колдоо максатында ачылган. Ганси – 11-сентябрда Нью-Йорктогу мунаралардагы отту өчүрүүдө курман болгон өрт өчүргүчтөрдүн бири.

11-сентябрда Ганси авиабазасында мындан 3 жыл мурда Кошмо Штаттарындагы террордук актыдан курман болгон 3000ге жакын адамды эскерүү каадасы болуп өттү. Бул тууралуу маалымат аталган авиабазанын коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлү Айгүл Карымшаковадан алынды:

- Америкадагы чабуулдардын 3 жылдыгына карата жыйын болуп өттү. Ага Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг катышты. Ошондой эле, эскерүү каадасында Голландиянын, Испаниянын жана АКШнын Гансиде кызмат өтөп жаткан аскерлери болушту. Алар мындан 3 жыл мурда курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

Айгүл Карымшакованын маалыматы боюнча, учурда Гансиде АКШ, Нидерланддар жана Испаниянын 1200 аскери кызмат өтөшүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинде - 11-сентябрь бул ирет ишембиге туура келгендиктен – каргашанын курмандыктарын бир күн мурда эле эскеришкен. Элчиликтин жооптуу кызматкери Азамат Абабакировдун айтымында, элчиликтеги желектер жерге түшүрүлүп, кызматкерлер муңайым турушту. Элчи Стивен Янг сөз сүйлөдү.

11-сентябрь күнү Кыргызстандын ырасмий бийлиги тарабынан мындан 3 жыл мурда АКШда болгон чабуулдарга байланыштуу эч кандай иш-чаралар уюштурулган жок. Болгону бийликтин реформаларын колдогон «Алга, Кыргызстан» партиясынын Бишкекте өткөн курултайынын катышуучулары Америкадагы жана Бесланда жакында болгон каргашанын курмандыктарын бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Америкага жасалган чабуулдар ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө дейт:

- 2001-жылдагы окуя ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө болуш керек. Мындай окуя биздин башыбыздан андан мурда – 1999-2000-жылдары өткөн. Президентибиз Аскар Акаев ошондо эле терроризм чоң коркунучка айланып баратат деп айткан болчу. Бирок ал учурда терроризм проблемасын көтөргөн мамлекет же лидерлер аз болчу. Андан кийин - 2001-жылы 11-сентябрда терроризм менен бетме-бет келген АКШ антитеррордук коалиция түзүп, күрөшө баштады. Ага биздин мамлекет да колдон келген жардамын берди. Мына Ганси авиабазасы түзүлдү. Орусиянын Кантта аба күчтөрү, аскерлери жайгашты. Мунун баары эмне үчүн жасалып жатат? Коопсуздукту камсыздоо үчүн жасалып жатат. Муну баарыбыз тең түшүнүшүбүз керек.

Абдил Сегизбаев белгилегендей, Баткен окуялары маалында Кыргызстан террордун эмне экенин жон териси менен сезген. Ошол 1999-жылы Баткен районунун акими болуп иштеп туруп, куралчандардын колунда барымтада калып, бошотулуп келген Абдрахман Маматалиев эгер Кыргызстандын коопсуздугу Баткен окуяларынан кийин чыңдала баштаса, 11-сентябрдагы каргашадан кийин бүтүн дүйнө террорго каршы тикесинен тик туруп күрөшө баштаганын белгилейт:

- Баткен окуясында жоочулардын Кыргызстанга ачыктан ачык тебелеп кирип келгенинин башкы себеби эмнеде болду? Анда бизде чегара, чегараны азыркыдай кайтаруу деген жок эле. Анан Баткен окуяларынан кандай сабак алдык? Өкмөт тарабынан чегараны бекемдөөгө, мамлекеттүүлүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, бир топ жакшы иштер жасалды десек болот. Алсак, мына Чегара кызматы түзүлдү. Ачык эле моюнга алыш керек – ошол 1999-жылы биздин куралдуу күчтөр азыркыга караганда алсыз болчу. Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин АКШ баштаган дүйнө мамлекеттери терроризмге каршы биргелешип күрөшүү керек экенин түшүнүштү. .

Бишкектин тургуну Эмил Момунов 11-сентябрдан кийин тартип сактоо кызматкерлери коопсуздук чараларына жамынып алып, карапайым адамдарды улам-улам текшерип, кыйнап жатканына токтолду:

- Милийсалардын көчөдө, үйдө, көрүнгөн жерде текшерүүлөрү күч алды. Ошол бир эле окуяга байлап, элдин баарынан шек санап, баш-аягы жок текшерүүлөрдүн деле кереги жок
эле.


Ал эми экинчи бир бишкектик Базарбай аттуу маектешибиз болсо дегеле террорду азыркыдай күрөшүү жолу менен жеңүүгө мүмкүн эмес деген пикирин айтты:

- Албетте, 11-сентябрь дүйнө коомчулугу үчүн жаңы бир баскычка өткөн күн болду. Аны биз Батыш менен Чыгыш цивилизациясынын кагылышы катары карап жатабыз. Бирок ошол экөөнүн мамилеси, байланышы бир топ коркунучка алып бараткандай туюлат. Минтип жүрүп отурса террор күчөп, коопсуздукту сактоо оор эле абалда кала берет.

XS
SM
MD
LG