Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

ШАЙЛООЛОРДУ АКЫЙКАТ ӨТКӨРҮҮДӨ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ОРДУ КАНДАЙ?


Азиза Турдуева, Бишкек Жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоолорго өлкөнүн атуулдук коомунун эң активдүү бөлүгү катары бейөкмөт уюмдардын жигердүү катышуусу күтүлүүдө. Учурда бир катар бейөкмөт уюмдар жер-жерлерде шайлоочуларга, депутаттыкка талапкерлерге жана байкоочуларга атайын окуу-семинарларды уюштуруушуда.

Буга чейинки шайлоолорго да атуулдук коомдун өкүлдөрү жигердүү катышып келген. Серепчилердин баамында боло турган шайлоолорго саясий партияларга караганда бейөкмөт уюмдардын активдүү катышат.

Бейөкмөт уюмдар учурда жергиликтүү шайлоолорго байкоочуларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Алар ошону менен бирге электоратка шайлоолордун мааниси, жергиликтүү кеңештердин ролу, аларга ыйгарылган укуктар, өз алдынча башкаруу тармагындагы реформанын максаттары, жаңы Шайлоо кодексиндеги өзгөчөлүктөр боюнча түшүндүрмөлөрдү беришип, окуу-семинарларды өткөрүшүүдө.

Бейөкмөт уюмдар ошондой эле жер-жерлерде шайлоочулардын тизмелерини тактоо, шайлоо комиссияларын түзүү иштерине да байкоо жүргүзүшүүдө. Депутаттыкка талапкер жана байкоочу боло турган атуулдарга да атайын семинарлар өткөрүлүүдө.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов белгилегендей, башкы максаттардын бири - атуулдардын катышуусу менен шайлоолорду адилет жана демократиялуу өткөрүүгө ишендирүү:

- Башкы максаттардын бири – элди шайлоону адилет, бурмалоосуз өткөрүү мүмкүн экендигине ишендирүү. Анткени, эл шайлоо бары бир бурмаланат деп, кайдыгер мамиле жасайт. Эгерде биз шайлоочулардын арасында бул боюнча иш жүргүзбөсөк - ким жүргүзөт? Албетте, эгерде элдин өзү, көз карандысыз байкоочулар шайлоонун өтүшүн көзөмөлгө албаса, анын жыйынтыктары бурмаланат, каалаган добуштарды сатып алса болот…

10-октябрда өтө турган жергиликтүү шайлоо күнү коалициянын эле 2 миңге жакын байкоочу 140тан ашуун айыл өкмөттөрүндө шайлоонун жүрүшүнө байкоочулук кылышат.

Мурдагы шайлоолорго атуулдук коомдун активдүү катышуусуна бийлик тарабынан тоскоолдуктар көрсөтүлүп келгендиги белгилүү.

Ошондуктан, айрым бейөкмөт уюмдар бул ирет мындай көрүнүштөр орун алышы толук ыктымал деп кооптонушууда. Алардын пикиринде Шайлоо кодексинде да кемчиликтерге жол бериле турган жагдайлар киргизилип калган. Буга байланыштуу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мындай дейт:

-Жаңы Шайлоо кодексине байкоочулардын укуктарын бузууга жол берген жагдайлар киргизилип калган. Бул жолку шайлоолордо да, бейөкмөт уюмдардын активдүү катышкан өкүлдөрүн жогорку жана жергиликтүү бийлик тарабынан коркутуп, үркүтүүлөр орун алат деп күтсө болот.

Бейөкмөт уюмдардын жетекчилери бул ирет шайлоочулар алдыдагы шайлоолорго жоопкерчилик менен катышаарына ишеним артышууда.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова да шайлоочулар чыныгы татыктуу талапкерлерди тандоого аракеттенишет деп ишенет:

- Эл шайлоо жараяндарына башкача мамиле жасашы керек, башка көз-караш менен караш керек. Алар шайлоо аркылуу, башкача айтканда, татыктуу талапкерлерге добуш берүү менен элдин турмушун оңдоо мүмкүн экендигин жакшы түшүнүшү зарыл. Шайлоочулар өздөрүнүн добуштарын башка бирөөлөргө пайдаланууга жол бербөөлөрү керек. Алар шайлоо аркылуу өлкөдө көп өзгорүүлөргө жетишүү мүмкүн экендигин жакшы түшүнсө. Мен биздин калкты шайлоого чоң жоопкерчилик менен катышат деп ишенем.

Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, бейөкмөт уюмдар шайлоолордун адилет, ачык өтүшүнө өз салымдарын кошоорунда шек жок. Бирок шайлоолордун демократиялык жол менен өткөрүлүшү эң ириде ар бир адамдын ага жасаган мамилесине байланыштуу болот.

XS
SM
MD
LG