Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Шайлоо кодексине жаңы өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны депутат Өмүрбек Текебаев даярдаган «Шайлоо кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап, көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Долбоордо шайлоочунун колуна шайлоо алдында атайын аппарат менен аныкталчу суюктук чачуу ыкмасын киргизүү сунушталган. Талкуу кызуу талашты жаратты. Депутаттар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Ишенбай Кадырбеков, Кубатбек Байболов өңдүү депутаттар мындай өзгөртүү шайлоо күнү топ-тобу менен кайталап добуш берүүгө бөгөт коюп, шайлоонун адилеттүү өтөөрүнө өбөлгө болоорун белгилешти. Ал эми Турдакун Усубалиев, Хаджимурат Коркмазов, Акбөкөн Таштанбеков, Бакыт Керимбеков, президенттин өкүлү Мурат Укушев, БШК төрагасы Сулайман Иманбаев мындай өзгөртүүгө көп каражат талап кылынат, адам укугун басмырлоого жол берет деп, каршы болушту. Добуш берүүгө келгенде 33 депутаттын колдоосу менен жаңы өзгөртүү кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG