Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

КАРЗАЙ ИСМАИЛ ХАНДЫ ЭПКЕ КЕЛТИРДИ


Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Ooганстандын түштүк-чыгышындагы Забул дубанында автоматтар жана ракета аткычтар менен куралданган кишилер америкалык аскерлердин турумуна кол салышты. Ал эми өлкөнүн батышындагы Герат ооданында алдыңкы күнкү тополоң токтоп, америкалык жана ооган күчтөрү жайгаштырылгандан кийин, турмуш мурдакы калыбына келе баштады. Гераттагы тополоң келерки айда кайрa шайланууга үмүттөнгөн президент Карзайдын жер-жерлердеги таасиринин солгун экендигин айгинеледи.

Гераттагы тополоң жети кишинин өмүрүн алды. Чатак президент Карзай Гераттын акими Исмаил Ханды ишемби күнү иштен алгандан кийин башталган эле. 20дай киши жарадар болгон тополоң-тоздо Исмаил Ханды кызматында калтырууну талап кылган жүздөгөн демонстранттар Бириккен улуттар уюумунун шаардагы кеңселерине өрт коюп, ооган улуттук армиясынын жана АКШнын аскерлери менен кагылышты. Демонстранттар "Карзайга өлүм!", "Америкага өлүм!" деп ураан чакырышты.

- Биз өкмөткө нааразыбыз, анткени эмирибиз Исмаил Ханды каалайбыз. Биз шаарда андан башка адамдын болушун каалабайбыз,- дейт бул демонстрант.

Исмаил Хан жекшембинин кечинде жергиликтүү сыналгыдан сүйлөп, өз жолдоочуларын тынчтанууга чакырды. Исмаил Хан Карзайдын айтканы менен болуп, акимдиктен кеткен менен президенттин борбордук өкмөттө министр болуу сунушун четке каккан. Анын акимдиктен түшүшүн Бириккен Улуттардын Ооганстан боюнча элчиси Залмай Хализад Кабулдагы пресс-конференцияда мындайча баалады:

- Менимче, Исмаил Хандын иштен кетиши Ооганстандын кайда баратканынан, оогандар өлкөнүн келечегине кантип салым кошо алаарынан кабар берет.

Президент Карзай да акимдин иштен кетишине жогору баа берди. Бирок ал апта соңундагы тополоң өлкөнүн да, Герат тургундарынын да мүдөөсүнө каршы келээрин айтып, катуу чаралар көрүлөт деп эскертти.

Айткандай эле, Гератка Ооган армиясынын аскерлери менен катар, АКШ аскерлери жайгаштырылды. Жекшемби күнү түшкө маал алар Гератты өз көзөмөлүнө алганын "Азаттыктын" кабарчысы Басир Бегзад мындайча бышыктады:

- Шаарды Ооганстандын улуттук армиясы өз колуна алууда. Алар чоң көчөлөрдү жана негизги кесилиштерди көзөмөлдөп турушат. Америкалык аскерлер да кайгуулда жүрүшөт. АКШнын согуштук тикучмалары шаардын айрым аймактарынын үстүнөн улам учуп өтүшүүдө. Ушул эле күчтөр Исмаил хандын үйүнүн айланасында жайгаштырылды.

Дүйшөмбү күнү таңга маал кырдаал тынчыды. Эртең менен жолдордон тосмолор алынып салынды, шаардык унаа ишке кирип, соодагерлер дүкөндөрүн ачып, соода кыла башташты.

Ошону менен Кабулдан тышкары жакта сөзү өтпөйт деп айтылып жүргөн президент Карзай Герат түйүнүн аздап жандыра баштады, бирок ага баш ийбеген "телибай тентек" кол башылар ооган жергесинде дале жетиштүү. Забул дубанындагы түнкү салгылаш алдыда дагы сыноолор көп экендигин көрсөтүүдө. Забулда америкалык аскерлердин турумуна кол салгандардын жыйырма экиси жок кылынганын АКШ армиясынын өкүлү билдирди.

XS
SM
MD
LG