Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 16:00

ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРДИН МҮЛКҮН БИЛҮҮ КИМГЕ КЫЗЫК?


Мыйзам чыгаруу жыйынынын 31 депутаты Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер өзү жана жакын туугандарынын үй-мүлк, байлыгы жөнүндө маалымат берсин деген өзгөртүүнү Шайлоо кодексине киргизүүнү сунуш кылды. Шейшемби күнү ал мыйзам тууралуу депутат Турдакун Усубалиев маалымат берип, мындай жобо дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттерде эбактан колдонулуп келаткан тажрыйба экендигин билдирди. Айрым депутаттар болсо мындай жобо талапкерди марадан чыгарчу курал болобу деп кооптонушууда.

Шайлоо кодексине мындай өзгөртүүнү киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымат берген Турдакун Усубалиевдин айтымында, бул жобо депутаттыкка талапкердин тапкан байлык, мүлкү боюнча шайлоочулардын маалымдуу болуусуна шарт түзөт. Ошондой эле «Мамлекеттик кызмат» жана «Мамлекеттик, саясий кызмат орундарын ээлеген адамдар менен алардын жакындарынын мүлкү тууралуу декларация берүү» жөнүндөгү мыйзамдардын талабына шайкеш келет.

Сунушту депутаттардын бир даары дароо колдоого алып, топтогон байлыгы ак болсо аны эч ким жашырбасын билдиришти. Бирок сунуш кызуу талаш жаратып, депутаттардын көбү жобо кийинчерээк талапкерди марадан чыгаруучу курал болбойбу деп кетенчиктешти. Алардын бири депутат Адахан Мадумаров өз оюн:

- Бул шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпай турган, бирок ошол эле учурда талапкердин ким экендигин жана кандай байлык, мүлкү бар экендигин шайлоочулардын алдында көрсөтүп коюунун гана бир жолу болуш керек. Ошондуктан, ал кийин чоң саясий куралга айландырылбаса мыйзам долбоорун колдошубуз керек. Себеби бийликке жакпаган бир талапкер болсо аны «мына мыйзамга ылайык болду» деген шылтоо менен абдан катуу аксатып коюшу толук мүмкүн. Буга чейин Данияр Үсөновду марадан ошентип эле чыгарып коюшпадыбы,-деп билдирди.

Мындан да кызуу талашты сунушталып жаткан өзгөртүүнүн «берилген маалымат туура эмес болсо, ал талапкерди каттабай коюуга негиз боло албайт» деген экинчи пункту жаратты. Депутаттардын бир даары «эгер жалган маалымат берген талапкер жазаланып, жарыштан чыгарылбай турган болсо, андай өзгөртүү киргизүүнүн кандай зарылдыгы бар» деген пикирде болушту. Алардын бири Ишенбай Кадырбековдун айтымында, мындай муктаждыкты мамлекеттик кызматкерлерди байлык, мүлкү жөнүндө декларация берүүгө милдеттендирген мыйзам толуктап турат:

- Бул кичинекей баланы алдагандай эле нерсе болуп жатат. Декларация толтурууну киргизип жаткандан кийин жалган маалымат берген талапкерлерди жарыштан чыгарууга чейин жеткиришибиз керек. Болбосо аны киргизүүнүн кереги жок. Себеби, «Мамлекеттик кызмат» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып, ага кызматкердин кирешеси ачыктан-ачык жазылып, маалымат каражаттарына жарыяланат» деп жазбадык беле. Эми аны бул Шайлоо кодексине киргизүүнүн кандай зарылдыгы бар?

Анткен менен депутаттар мындай кадам эң ириде коррупцияга жана акчаны арам жол менен таап келип, парламенттен орун алууга умтулган кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө бөгөт болуп, байлыкты таза жол менен топтогон адамдардын жүзүн эл алдында жарык кылаарын белгилешти. Депутат Өмүрбек Текебаев мындай талап депутаттыкка талапкерлер гана эмес, президент болом дегендерге да тиешелүү экендигин баса белгилеп, Шайлоо кодексине президенттикке талапкерлер кирешеси гана эмес чыгашасы тууралуу да маалымат берсин деген өзгөртүүнү киргизүүнү сунуш кылды:

- Мен негизинен мыйзамды колдойм. Бирок, мындан башка да кардиналдуу чараларды көрүшүбүз керек. Мен «Президент» деген главага өтө катуу жобону киргизүүнү сунуш кылам. Президенттикке талапкер өзүнүн, жакын туугандарынын мал-мүлкү тууралуу маалымат берип гана тим болбостон аны кайдан алгандыгын, салык төлөгөн же төлөбөгөндүгүн далилдөөсүн талап кылышыбыз керек. Ошону документтердин негизинде далилдей алган гана адам президенттикке талапкер деп катталышы керек. Болбосо ал коррупционер болуп жатпайбы! Алган айлыгы депутаттыкынан да аз, ал эми турган үйү 200 миң долларлык, минген машинеси 40 миң долларлык. Анан президент болом деп отурган адамдар бар. Мына ошондой талаптарды койсок, биз коррупцияга каршы күрөшөбүз деген жалган сөз эмес чын ниетибиз бар экендигин көрсөтөбүз.

Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев мыйзамдын башкы максаты тууралуу:

- Эгер кодексти ушул жобо менен толуктасак, талапкердин кимдин ким экендигин элге, шайлоочуларга көрсөтүү максатыбызга жете алабыз ,- деп билдирди.

Эми аталган мыйзам долбоорун талкуулоо бейшемби күнү улантылып, добушка коюлат.

XS
SM
MD
LG