Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

15-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо кызматынын билдирүүсү боюнча 15-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25 градус жылуу.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28 градус жылуу болот.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +7…+12, ал эми күндүз +19 градустан +24 градуска чейин жылыйт.
НАРЫН аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26 градус.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ түнкүсүн жана таңга маал жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG